Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Аба ырайы: 9-декабрдан баштап суук түшөт


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-12-декабрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук болот.

12-14-декабрларда абанын температурасы мындан да төмөндөйт. Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

6-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 16…18° болот.

XS
SM
MD
LG