Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

ИИМ кылмыштуу топторго кошулгандарды абакка кесүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетенүү жөнүндө” жана “Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга чыгарды.

Документте уюшкан кылмыштуулук коомдук, экономикалык жана саясий турмушту дестабилдештирүүчү, социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууга тоскоолдук кылган негизги факторлордун бири экени жазылган.

Министрлик Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун 400дөн ашуун активдүү мүчөсү бар экенин, өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын билдирди.

Мыйзам долбоорунда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо беренелеринде каралган кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралган.

Кылмыштуу топтордун, алардын өкүлдөрүнүн кылмыштуу чогулуштарына катышкандардын мүлкү конфискация болуп, 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Криминалдык топтогу же кылмыштуу коомдоштуктагы ээлеген статусун моюнга алгандардын мүлкү мамлекетке чегерилип, 10 жылдан 12 жылга чейин кесилет.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Бул окуядан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башталганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG