Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Бишкекте ташталган ымыркайлардын абалы тууралуу маалымат айтылды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Бишкектин Арча-Бешик конушунда табылган наристенин тубаса жүрөк кемтиги бар экени, бирок абалы турукташкандыктан ымыркайлар үйүнө которулганы айтылды. Ал эми таштанды челекте табылган ымыркай Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборго которулганы маалым болду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунда шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Шамырканованын айтымында, 19-ноябрда Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн короосунда табылган ымыркайдын тубаса жүрөк кемтиги жана энцефалопатиясы бар, каны аз экени медициналык кароодон кийин аныкталган.

"1-декабрь күнү бала ымыркайлар үйүнө которулган, азыр абалы туруктуу", - деди Шамырканова.

Ага чейин 8-ноябрда Бишкектеги таштанды челектердин биринен табылган бөбөк 12 күн төрөт үйүндө багылып, азыр Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо адистердин кароосунда болууда. Ымыркайдын салмагы 2 кг 400 граммга жетти.

Ноябрь айында Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя катталган.

8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген. 19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөдө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө жеткирген. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркай тең учурда ооруканада, абалы туруктуу экени кабарланган. Баарынын төрөп, таштаган энелери табылган.

Бул окуядан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. (KS).

XS
SM
MD
LG