Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:06

Бишкекте үйдө отурган аялдарга арналган көргөзмө өтөт 


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

"Бааланбаган эмгек" деген аталыштагы көргөзмө Бишкекте бүгүн, 5-декабрда өтөт. Анда анын авторлору “0 сом" аталышындагы кагаз акчаны көрсөтүп, ал аркылуу кыргызстандыктарды аялзаттын үй оокатына кошкон салымы жөнүндө ойлондурууну каалайт.

Демилгенин максаты - бул актуалдуу маселени чагылдыруу менен аялдардын үй тиричилигиндеги мээнетин баалоого үйрөтүү.

"Бааланбаган эмгек" долбоору быйыл август айынан бери “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен ишке ашырылып келет.

"Албетте, "0 сом" деген кагаз акча мыйзамдуу жүгүртүүдө жок. Бирок биз аны келген конокторго көрсөтөбүз. Маселен, аялдардын мээнети көпчүлүк учурда бааланбайт. Алардын үй тиричилигиндеги бүтпөгөн түйшүктөрүн анча байкашпайт. Белгилей кетчү нерсе, "0 сомдун" жасалгасы жакында эле жүгүртүүгө киргизилген жаңы улуттук валютанын стилин чагылдырат. Биз муну менен аялдардын көзгө көрүнбөгөн эмгегин баалоого чакырып жатабыз", - деди долбоордун авторлорунун бири Мария Казакова.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылы чыккан соңку маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда 33 миң 76 аял жумушсуз деп расмий катталган, алардын 2 754ү жогорку билимдүү.

Ал эми ушул эле 2022-жылдын статистикасына ылайык, 996 миң аял сыртта иштеп, үй тиричилигин да жүргүзөт.

Аялдын жумушун баалап, үй кожойкесине акы төлөө керек деген түшүнүк азырынча кыргыз коомчулугунун оюна келе элек. Үйдө отурган аял айлык же кошумча жөлөк пул албайт.

Орто эсеп менен ар бир эне бир баланы кароо үчүн күн сайын 273 мүнөт бөлөт. Үй тазалоо, идиш жууганга орточо 73 мүнөт кетсе, 15 мүнөттөйүн жүк жыйып коротот. Ал эми машине айдаган аял болсо, күнүнө 39 мүнөтүн балдарын ары-бери ташып өткөрөт, кээде андан да көп убакыт коротот (KS).

XS
SM
MD
LG