Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:58

Мобилизацияга тартылгандардын аялдары Путинге кат жолдоду


Мобилизацияга тартылгандардын жакындары өткөргөн флешмоб.
Мобилизацияга тартылгандардын жакындары өткөргөн флешмоб.

Орусияда мобилизация аркылуу Украинадагы согушка жиберилгендердин аялдары президент Владимир Путин менен 14-декабрга белгиленген түз байланыштын номуруна тынбай SMS билдирүүлөрдү жиберип жатышканы маалым болду.

Алар Путиндин жакындары качан согуштан кайтарын сурап, майдандагы жагдайдын начардыгына, аскерлердин айлыгы жакшы берилбей жатканына нааразылыгын билдиришкен.

Ошону менен бирге аялдар мобилизацияга тартылгандарды алмаштырууну да талап кылып жатканын "7х7" Телеграм-каналы жазды.

Орусияда буга чейин мобилизация болгондордун жакындары манифест жарыялап, петицияга кол жыйнап, автофлешмоб баштаган. Алар машинелерине “Күйөөмдү кайтаргыла” деген жазуулары бар стикерлерди чапташкан. Алардын бирин полиция кармап кеткен. Бийлик мобилизацияга байланышы бар митинг-пикеттерге уруксат бербей келет.

Путин 2022-жылдын сентябрь айында Украинадагы согушка аскердик күчү жетишпей жаткан маалда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Бир айдан кийин мобилизация аяктаганын жарыялаган менен тиешелүү буйрукка кол койгон эмес. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация башталганы 300 миң адам аскерге тартылганын айткан. Жакында эле Орусиянын президенти мобилизацияга тартылгандар согуш аяктамайынча үйлөрүнө кайтпай турганын жар салган.

14-декабрда Путиндин калк менен түз байланышы болот. 17-декабрда “Единая Россия” партиясынын курултайы өтөрү күтүлүүдө. Анда Путин кийинки президенттик мөөнөткө көрсөтүлүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG