Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:43

Президенттин маалымат катчысы жаңы аэропорт Ош, Жалал-Абадга куруларын айтты


Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов эл аралык жаңы аэропорттор Ошко да, Жалал-Абадга да куруларын маалымдады.

Ал 4-декабрда Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүндө соцтармактарда "Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур, Ошко салынбай калыптыр" деген кабарлар чындыкка дал келбесин айтты. Алагөзов муну "чагымчыл мүнөздө" деп баалап, мындай маалымат таркаткандарга жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Анын айтымында, "быйыл май айында президент Садыр Жапаров жаңы курулуучу аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан, ал эми эски аэропорттордун ордуна көп кабаттуу турак жайлардан турган шаарчаларды куруу каралган".

Жалал-Абаддын Көк-Арт өрөөнүндө эл аралык мааниси бар ири аэропорт куруларын 2-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү эл менен жолугушууда айткан. Аэропорттун курулушу келерки жылы башталарын билдирген.

Ош эл аралык аэропорту 1974-жылы курулган. 1992-жылдан бери эл аралык макамга ээ. Ички каттамдардан тышкары Орусияга, Түркияга жана Сауд Арабяга учуучу каттамдарды тейлейт.

“Жалал-Абад” аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 га түзөт. Ал аймактык маанидеги аба майданы болуп эсептелет жана Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча учактар каттап турат. Учуу-конуу тилкеси жана аэровокзал 1972-жылы курулган. 2018-жылы аэровокзалдын жаңы имараты ачылган. Азыр күндүз гана учактарды учуруп, кабыл ала алат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG