Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Кыргызстанда жумушсуздук боюнча Баткен облусу биринчи орунда


Көчөдө жумуш сурап турган адамдар. Бишкек.
Көчөдө жумуш сурап турган адамдар. Бишкек.

2023-жылдын он айынын жыйынтыгына ылайык, киши башына санай келгенде жумушсуздар Баткен облусунда көп.

Улуттук статистика комитети кабарлагандай, Баткенде 14 380 адам жумушсуз катары каттоого турган. Жалал-Абад облусунда 18 418 адам, Ош облусунда 17 130, Чүй облусунда 4 095 адам, Талас облусунда 3 251, Нарын облусунда 2 013 адам жана Ош шаарында 2 954 адам расмий жумушсуз.

Статкомдун маалыматына ылайык, жалпы Кыргызстан боюнча 70 479 адам жумушсуз болсо, анын 43,8 пайызы аялдар. Расмий эсепте жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу элдин санынын 2,6 пайызын түзөт.

Жумушсуздук боюнча расмий көрсөткүч менен эл аралык уюмдардын эсебинде дайыма айырмачылык болуп келет. Буга, адистердин айтымында, жумушсуздардын расмий каттоого толук турбаганы себеп. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны эмгекке жарамдуу элдин 9% түзөт.

Кыргызстандын өкмөтү, аталган министрлик өлкөдө жумушчулар жетишпей жатканын, өзгөчө тигүү тармагына жана кара жумушка иштөөчү адамдардын жетишсиздигин белгилеп келет. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги 1-июлга карата өлкөдө 12 465 жумушчу орду бош турганын билдирген.

АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) быйылкы сурамжылоосуна катышкан адамдардын 29% өлкөдөгү башкы көйгөй деп жумушсуздукту көрсөтүшкөн. 28% баалардын кымбатташы, 14% коррупция деп жооп берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG