Кыргызстанда соңку жумада Бишкек, Ош шаарларында жана аймактагы башка базарларда иштеген соодагерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга каршы нааразылык акцияларына чыгып жатат. Бүгүн, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышты.
Соодагерлердин койгон талаптары боюнча Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен учкай маектештик.
- Данияр мырза, соңку күндөрү салыктык эрежелерге байланыштуу Бишкектеги, Оштогу жана аймактардагы базарлардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгып жатат. Соодагерлердин жапырт нааразылыктары тууралуу кандай комментарий бере аласыз?
- Эки күндөн бери болуп жаткан бул окуялардан кабардарбыз. Кечээ "Дордой", Кара-Суу, Аламедин базарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол-жоболору, салык режими боюнча маалымат бердик. Салыкчылар буга чейин да “Дордой” базарында соодагерлерди каттоо алдында, кийин алардын күбөлүктөрүн берип жатканда да маалымат берген.
Азыр башка базарлар да "бизге өзгөчө салык режимин киргизип бергиле" деп жатат. Биз андайга бара албайбыз. Анткени "Дордой" менен Кара-Суу - эки чоң логистикалык борбор. Товарлар эң биринчи ошол жакка келип, Кыргызстанга тарап жатат. Бул өзгөчө режим ошол үчүн аныкталган. Чекене соода үчүн да отчетторду жокко чыгарып, бир гана ККМ менен чыгарып бергиле деп жатабыз. Анткени көмүскө базарды ачыкка чыгарууну максат кылганбыз. Муну ишке ашырбасак, өнүгүү жолунда түшө албайбыз. "Өкмөт биздин чөнтөгүбүзгө чейин кирип, салыктарды көбөйтүп жатат" деп айткандар бар. Андай эмес. Ири соода кылгандардын көлөмүн көрүшүбүз керек. Баягыдай 5 миң сомдук патент менен мурдагыдай миллион, миллиард сомдук соода жасай албай жатышат. Нааразылык да ушундан чыгууда. Бул кандайдыр бир уюштурулган акция болуп жатат. Бир учурда базарлардын баарын көтөрүү өтө кыйын нерсе.
- Буга ким кызыкдар болушу мүмкүн?
- Ким кызыкдар экенин такташ керек. Бул менин жеке оюм.
- "Дордой" менен Кара-Сууга берилген өзгөчө салык режиминде кандай артыкчылыктар бар? Аймактагы базарлар да ошондой шарт түзүлүшүн талап кылып жатканынан улам сурадым.
- Өзгөчө салык режиминде декларациялар жок, анткени алар патент менен иштейт. Бирок патенттин баасы кыйла өскөн. Алар соода жүгүртүү көлөмүн айтып, ошого жараша режим тандалат. Патенттин баалары, сооданын көлөмүнө жараша аныкталган түрлөрү бар. Ошого жараша соодагер бир патентти тандайт. Биз мындай ыңгайлуу шартты түзүп соодаргерлер менен ишенимдүү мамилеге келели деген ниеттебиз. Базардын ичинде саналуу гана соодагер бар, алардын соода көлөмүн аныктоо кыйын эмес. Биз андайга барбай, ортодо ишенимдүү өнөктөштүк мамиле жаралсын дедик. Салык кодекси боюнча бир жыл боюнча алар менен кеңешип, ушул режимге келгенбиз. Бир жыл иштешти, бир сөз болгон жок. Анан келип жыл аягында нааразы болуп чыгышканы түшүнүксүз. Эгерде ушинтип отурсак, өнүкпөйбүз. ККМ системасын киргизели дедик, ага да каршы.
Дүйнө жүзү боюнча деле кандайдыр бир нукка салынган бизнести уюштуруу белгилүү топтор үчүн гана. Эгер сооданын көлөмү 7 миллион сомго чейин болсо, салык төлөбөй эле койгула деп президент Жапаров да шарт түзүп берди. Силер чакан бизнестен орто бизнеске өтүп, ошондо гана салык төлөгүлө деген колдоо болуп жатат. Орто бизнеске келгенде деле пайыздар төмөн, 0,5-1% деп коюлуп жатат. Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө 0,5% салык бар экенин бирөө айта алабы? Президент чакан жана орто бизнести өнүктүрүп, ири бизнеске айландыруу үчүн шарт түзүүнү белгилеп, Министрлер кабинети бул багытта иш алып барып жатат.
- Өкмөт салыктык өзгөртүүлөр менен ишкерлерге шарт түзүлгөнүн, салыктык кирешелер да көбөйгөнүн белгилеп жатат. Сиз да бул тармактагы реформаларга оң баа берип жатканыңыз менен ошол эреженин негизинде иштеген базардагы айрым соодагерлер нааразы болуп жатпайбы. Мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот? Салыктык талаптар өзгөрүп же жумшарышы мүмкүнбү?
- Жок, биз түшүндүрүү иштерин гана жүргүзөбүз. Биринчи бул режим менен иштеп көрүш керек. Эгерде иштеп көрүп, анан мамлекет ишкерлердин чөнтөгүнө чейин кирип кетип же аларды кыйнаган болсо, анан нааразы болсо болот.
Мына азыр акцияга чыккандардын 50 пайызын соодасы 7 миллионго жетпеген, 5 миң сомдук патент менен иштеген соодагерлер түзөт. Алар муну менен иштеп көрө элек. Эмне нааразылыгы бар экенин сурасак, "патент калсын" дешет. Мисалы, "Дордой" базарындагы өтмөктөрдө байпак саткан эженин окуясын алалы. Соодаңыз канча болот десем, күнүнө 10 миң сомдон ашпайт дейт. Анан биз сиздин соодаңыз күнүнө 25 миң сомдон ашпаса, сиз эч нерсе төлөбөйсүз дедик. “Бул жакта башкача маалымат айтып жатышпайбы” дейт. Ошол үчүн биринчи салык кызматкерлеринен маалымат алып, кандай режимде иштей турганын тактап, анан нааразы болушубуз керек.
- Анда эми түшүндүрүү иштери башка нукта жүрөбү? Себеби сиздеги маалымат нааразы болгон соодагерлерде жок болуп жатпайбы...
- Биз жыл бою ар кандай роликтерди телеканалдар, социалдык тармактар аркылуу таратып жаттык, эфирлерден да маалымат бердик. Ар бир ишкер өзүнүн башына түшмөйүнчө талаптарды түшүнбөйт экен. Азыр салык кызматкерлери топторду түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Базардын баарын бириктирип, маалымат берүү кыйын. Анткени ар кандай ойлор чыгат. Былтыр президенттин демилгеси менен патенттерди бир жылга узарттык. Бир жыл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк да “бизге эч ким түшүндүргөн жок, макул эмеспиз” деген доомат коюлуп жатат.
- Салыктык реформанын арты менен өкмөттүн ишкердик чөйрөдөн күтүүлөрү кандай болуп жатат?
- Орто жана чакан бизнес өнүгөт деген үмүт менен жеңилдетилген режимдерди киргиздик. Мамлекеттик мүмкүнчүлүк берип, өнүккөн чоң бизнестер болсо кирешесине жараша салык төлөсүн деген адилеттүүлүк принциби менен кетип жатабыз. Базарда отурган соодагерлер Кыргызстанга вагондоп жүк ташыган жери жок, көп болсо бир контейнерлик оокаты бар. Ошол үчүн бул жактагы режимди калтырып жатабыз. Биз үчүн негизги маселе чоң көлөмдөгү товарларды алып келип, ошону таратып, салыгын төлөбөй жүргөн ишкерлер менен иш алып барып, ачыкка чыгаруу. Бул багытта иштеп, көмүскө экономиканы азайтууну көздөйбүз.