Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

"Абдыш- Ата" футбол клубу АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты


“Абдыш-Ата” менен "Алтын-Асыр" футбол клубдарынын беттеши. Түркмөнстан, Ашхабад шаары. 30-ноябрь, 2023-жыл.
“Абдыш-Ата” менен "Алтын-Асыр" футбол клубдарынын беттеши. Түркмөнстан, Ашхабад шаары. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн оюнда "Алтын-Асыр" командасын 4:2 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты.

Муну менен "Абдыш-Ата" АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды.

30-ноябрда өткөн оюнда "Алтын-Асыр" командасы биринчи таймда эки гол киргизип алдыга чыккан. Оюндун экинчи бөлүгүндө "Абдыш-Ата" клубунун жарым коргоочусу Фархад Мусабеков эки гол киргизип эсепти теңесе, Эрнист Батырканов менен Эммануэль Ягр бирден гол киргизип, оюн 4:2 менен жыйынтыкталды.

Клубдар арасындагы АФК Кубогунун тайпалык оюндарында "Абдыш-Ата" түркмөнстандык "Мерв", "Алтын-Асыр" жана тажикстандык "Равшан" клубу менен Е тайпасында ойноп жатат. Тайпада командалар бештен оюн өткөрүшүп, "Абдыш-Ата" 13 упай топтогон. "Алтын-Асыр" командасы 7 упай менен экинчи орунда. "Мерв" менен "Равшан" командалары үчтөн упай топтогон.

АФК Кубогунун 2023-2024 сезонунда тайпалык баскычтагы оюндарына 36 клуб катышып жатат. Жыйынтыгында алардын тогузу плей-офф баскычына чыгат.

АФК Кубогу - Азия футбол конфедерациясы уюштурган АФКнын чемпиондор лигасынан кийинки экинчи мелдеш. Кыргызстандык футбол клубдар АФК Кубогуна 2014-жылдан бери катышып келет. Мелдешке өлкө чемпиондугун уткан команда менен Кыргызстандын Кубогун уткан эки клуб жолдомо алат. Буга чейин бул мелдешке "Алай", "Дордой" жана "Нефтчи" командалары катышкан.

“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы негизделген. Эки жолу Кыргызстандын чемпиондугун уткан. (GT)

XS
SM
MD
LG