Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:36

Пенсияны “жашоо минимумуна” жеткирүү маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пенсия көлөмүн “жашоо минимумуна” жеткирүү маселеси бүгүн 30-ноябрда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда көтөрүлдү. Депутат Гуля Кожокулова бул сумма бүгүнкү күндө 7 миң сомдон ашканын, ал эми пенсиясы 1900 сом болгон жарандар бар экенин айтып, мамлекет элди социалдык жактан камсыздоо боюнча Конституциянын 19 жана 44-беренелеринде жазылган милдеттерин качан аткара баштарына кызыкты.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев соңку эки жылда пенсия дээрлик 70% жогорулаганын, мындай жылыш “жашоо минимумуна” 1-2 жылда жетүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты:

“Мындан беш жыл мурда орточо пенсия 4,5 миң сом, былтыр 7,7 миң сом болчу, быйыл октябрь айында 38% көбөйтүлгөндө 9,3 миң сом болуп жатат. Былтыр 33% көбөйсө, быйыл 38% көбөйдү. Мурда пенсия 3-5% көбөйүп келчү. Мындай темп менен барсак бул маселени 1-2 жылда чечебиз деп ойлойм”.

Алиев бул маселени комплекстүү караш керектигин, себеби пенсия адам Социалдык фондго канча акча которуп турганына жана эмгек стажына жараша эсептелерин кошумчалады.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, азыр өлкөдө 740 миңдей пенсионер бар.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдан берки жана былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийинки дүйнөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам Кыргызстанда да азык-түлүктүн дээрлик бардык түрү, мүлк жана башка товарлар бир нече эсе кымбаттады. Мисалы, бир жыл мурда 35 сомдун тегерегинде сатылган сүт-айрандын азыркы баасы 70 сомдон ашат.

Учурда Кыргызстанда инфляциянын деңгээли расмий түрдө 14,7% деп аныкталганы менен талдоочулар 20-25% болуп жатаканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG