Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Директорлор үчүн сынакта тогуз талапкер жогорку упай алды


Сынакка катышкан талапкерлер, 28-ноябрь, 2023-жыл. Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт.
Сынакка катышкан талапкерлер, 28-ноябрь, 2023-жыл. Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт.

28-ноябрда Бишкекте өткөн Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин жана коллеждердин директорлоруна сынакта 153 талапкердин тогузу гана жогорку упайга ээ болду.

Мындай маалымат Билим берүү министрлигинин сайтында жарыяланды.

Буга чейинки сынакта 138 талапкердин бешөө гана жогорку упайга ээ болгон.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кайра дайындоо эрежесинин талаптарына ылайык, жетекчилери тиешелүү упай албаган мекемелерге кийинчерээк дагы сынак жарыяланат.

Сынак төрт бөлүмдөн туруп, анда мыйзамдар, башкаруучулук жөндөмдөр, педогогика, психология жана кесиптик билим берүүчү уюмдар жөнүндө жобо тууралуу тест өткөрүлөт. Андан кийин маектешүүгө кире алат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына жана Билим берүү, илим министрлигинин жаңы жобосуна ылайык, бир орунда беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматтан алынат. Алардын ордуна жаңы жетекчилер сынактык негизде дайындалат.

Өлкө боюнча 100 кесиптик лицейдин 46сында директорлук кызмат үчүн сынак өттү. Калган жетекчилердин дайындалганына беш жыл боло электигине байланыштуу бул жолку сынакка катышкан жок.

Ал эми министрликке караштуу жалпы 26 коллеждин ичинен бул жолу алты коллеждин директорлук кызматына сынак өттү.

Кыргызстандагы 100 кесиптик лицейге мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 200 млн сом каралат. Аларда 30 миң студент билим алат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат. Бул өлкөдөгү айрым мектеп директорлорунун нааразылыгын жараткан.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жарлык негизинде жаңы окуу жылында миңге чукул мектептин директору алмашканын билдирген.(MKt)

XS
SM
MD
LG