Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Бишкекте “Бир дүйнө Кыргызстан 2023” эл аралык XVII фестивалы ачылды


Фестивалдын ачылышы. 2023-жылдын 27-ноябры.
Фестивалдын ачылышы. 2023-жылдын 27-ноябры.

Бишкекте бүгүн 27-ноябрда адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө Кыргызстан 2023” эл аралык XVII фестивалынын ачылышы болду.

1-декабрда жыйынтыктала турган фестиваль, аны уюштуруп жаткан “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун белгилешинче, “Искусство аркылуу адам укугу” – “Human Rights trough Art” жаңычыл форматы аркылуу жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин, документалисттердин катышуусунда адам укуктары жаатындагы даректүү чындыктарды талкуулоо үчүн кенен аянтча түзүп берет.

“БУУнун Укук коргоочуларды коргоо боюнча декларациясынын 25 жылдыгына жана БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясынын 75 жылдыгына карата аталган фестиваль адам укугунун универсалдуулугу жана бөлүнбөстүгү боюнча билимди тереңдетүүгө, ошондой эле адам эркиндигин жана укугун коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, гендердик теңчиликке, инклюзивдүүлүккө, басмырлоого жол бербөөгө багытталган эл аралык өнөктүккө кошулат”, - деп билдирди “Бир дүйнө Кыргызстан”.

Фестивалдын конкурстук программасында эркиндикти, адамдын кадыр-баркын, адилеттүүлүктү жана чечим кабыл алууда жарандардын бирдей катышуусун жактаган даректүү тасмалар катышып келет. Быйылкы конкурстук программада адам укуктары боюнча жалпысынан 21 даректүү тасма бар, анын алтоо чет өлкөлүк жана 15и кыргызстандыктар тарткан тасмалар. Фестивалдын тасмаларын көрүү жана чыгармачыл жамаат менен жолугушуулар акысыз.

Быйылкы фестиваль алкагында италиялык режиссер Барбара Купистинин "Согуш мезгилиндеги жазуулар" деп аталган тасма талаш жаратууда. “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору аны көрсөтүүгө уруксат берип, бирок каттоо күбөлүгүн кайра чакыртып алды. “Бир дүйнө Кыргызстан” муну мыйзамсыз деп атоодо. Аталган фильмде Орусиянын Украинадагы согушунун кесепети чагылдырылган. (MZh)

XS
SM
MD
LG