Дүйнөдөгү соңку геосаясий окуялар, анын ичинен Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканы Жер шарынын булуң-бурчундагы кыргызстандыктарга да таасирин тийгизди. Адатта жалаң орусча түш жоруган айрым мекендештер эне тилинде гана сүйлөөгө аракеттенип, кыргыз тилин жигердүү үйрөнө башташты. Мындай көрүнүш айрыкча чет жакта жашаган мекендештердин арасында көбүрөөк байкалат.
Макаланы даярдаган: Венгриядагы Печ университетинин студенти Медина Шамшидинова.
“Кыргыз тилин сөзсүз билишим керек”
Сейтек Аркарбаев учурда Австриянын баш калаасы Венада окуйт. Ал быйыл Европага көчүп кетээр алдында кыргыз тилин шашылыш үйрөнө баштаган. Сейтектин айтымында, алыскы Австрияда эне тилин эмнегедир тезирээк өздөштүрө баштаптыр.
“Кыргызстанда жүргөндө туугандар менен көп сүйлөшчү эмес элем. Бирок чет жакта жашагандан бери аларга тез-тез чалып, кыргызча сүйлөшө баштадым. Жада калса бир канча жылдан бери чалышпаган абаларымдан, таякелеримден кабар алып турам. Ошентип, алар менен баарлашып жатып эле кыргызчам жакшыра баштады”, - дейт ал.
Сейтек Жалал-Абадда төрөлүп, беш жашына чейин Кочкор-Ата шаарында өскөн. Бишкекке келгенде ата-энеси аны атайын репетиторго алып барып, орус тилин үйрөтүшкөн. Үйдөгүлөр да жалаң орусча сүйлөгөндүктөн, ал тез эле орус тилин үйрөнүп, кыргызчаны унутуп койгон.
“22-21 жашымда тил маселесине көңүл бура баштадым. "Мен киммин? Кыргызмынбы же орусмунбу? Туугандарым кыргыздар, баары кыргызча сүйлөшөт. Өзүм Кыргызстанда төрөлгөм. Мекенимде жүрүп, кыргыздар менен эне тилимде сүйлөшө албаганым кандай?" - деген суроолорду өзүмө көбүрөөк бере баштадым. Акыры кыргыз болуп, Кыргызстанда жашагандан кийин тилди сөзсүз билиш керек деп чечтим’’, - дейт Сейтек.
Сейтектин мындай чечимине кандайдыр бир деңгээлде Украинадагы согуш дагы таасирин тийгизген. "Украинадагы кырдаалдан улам эне тилине көңүл бура баштаган балдарды билем. Мага деле бир аз таасирин тийгизди".
Ал беш-алты айдан бери кыргыз тилине көп басым жасап, күн сайын кыргызча текст, макалаларды окуп, мүмкүнчүлүк болгондо кыргызча сүйлөшүп, тилин жакшыртууга жетишти.
“Практика ар дайым болуш керек экен. Акыркы жумаларда кыргызча ырларды угуп, түшүнбөгөн сөздөрдү карап, сөздүктөн которуп, ошол ырларды жаттап, кээде ырдайм. Андан тышкары, албетте, кыргызча тексттерди, китептерди көп окуйм. Кыргызстандагы абалды, маселелерди өзүмчө талдап, анализдеп, ар кайсы саясатчылардын, коомдук ишмерлердин кыргызча интервьюларын көрүп, угуп, анализдеп турам”, - дейт Сейтек.
"Тилге мамилем согуштан кийин өзгөрдү"
Илим Максатбеков Венгрияда окуйт. Ал үч жашында ата-энеси менен Орусиянын Самара шаарына көчүп кеткен. Үйдө кыргызча сүйлөшсө да, Илим орус коомунда окуп чоңойгондуктан, эне тилин жакшы билбейт.
“Албетте, кыргызча китеп окубагандыктан, адабий сөздөрдү билбейм”, - деген Илим Кыргызстанга жыл сайын каникулга барганда тилинен улам балдар аны шакаба чеккенин эстейт.
“Мен кыргызча бир нерсени туура эмес айтсам, шылдыңдашчу. Ага өтө маани берчү эмесмин. Бирок бул туура эмес. Орус тилдүү адам кыргыз тилин үйрөнөйүн деп жатканда, аны мазактап, басынтпоо керек. Менимче, шаардыктар жана айылдыктар бири-бирин урматтоо менен гана кыргыз тилинин өнүгүшүнө өбөлгө түзө алат”, - дейт Илим. Анын кыргыз тилин үйрөнүү чечимине Орусиянын Украинага басып кирип, согуш ачканы түрткү болуптур.
"Тилге мамилем согуштан кийин өзгөрдү", - деген Илим Венгрияда окуган кыргыз жаштарына көбүрөөк аралаша баштаганын айтып берди. Өткөн жайда ал жеке брендин чыгарган:
"Мен башынан эле бул ишти кыргыз жана Борбор Азиядагы башка элдердин маданиятына эриш-аркак жасагым келген. Бул адаттан тыш көрүнүш, маданиятты өнүктүрүүгө, таанытууга, өзгөчөлүгүн, кооздугун көрсөтүүгө, ошол эле учурда кандайдыр бир жол менен «эл эмне дейт?» деген тартынуу сезимин жеңүүгө жана эркин болууга түрткү бергим келген”.
“Шаардык” болгум келчү
Беш жашына чейин чоң апасынын колунда чоңоюп, кыргызча такылдаган секелекти ата-энеси Кара-Көл шаарындагы бала бакчалардын бирине берген. Алина Жетигенова ал кезде шаарда кыргыз бала бакча болгон-болбогонун билбейт.
Кара-Көл энергетиктердин шаары болуп, анда жашагандар ГЭС курган же анда иштеген адистер эле. Ар кайсы улуттардын балдары орусча сүйлөшчү.
“Орусча бир сөз билбей, орусча сүйлөгөн чөйрөгө түшүп, нес болгом. Бирок үйрөнүп кетет экенсиң. Өспүрүм кезимде башкалардай “шаардык” болгум келип, кыргызча сүйлөрүмдү жашырчумун. Азыр балам тилибизден уялбай, сыймыктанып, сүйлөсүн деп тилеймин. Кыргыз тили - чоң ата, чоң энемдин, таяне, таятамдын тили, менин жакындарымдын тили, Ош-Бишкек жолундагы таксиде жаңырган ырлардын, мени мактап, тарбиялаган сөздөрдүн үнү”, - дейт Алина.
Азыр ал үй-бүлөсү менен Чехияда жашайт. Күйөөсү сербиялык, өзү кыргызстандык жаш үй-бүлөдө уулун тарбиялоодогу өзгөчө эрежелер тууралуу айтып берди. Учурда Алина үч айлык уулуна жалаң кыргызча сүйлөсө, күйөөсү сербче кайрылат. Жубайлар ар ким өз эне тилинде сүйлөйт деген эрежени карманышат.
“Англисчени бала бакча, мектептен үйрөнөт, ал тилден азыр качып, бекине албай калдык го”, - деген Алинанын жүйөсүн айрым туугандары түшүнбөйт.
“Апей, орусча билбесе, Бишкекке келгенде кантип элге аралашат, дүкөндө соода кылып, кофейняда кофе алат?” деп калышат. Кофейняда кофе ала албаса, айылга барып жарма алсын, тоого чыгып кымыз ичсин", - дейт Алина.
"Кыргыз тилин менден мыкты сүйлөгөн америкалык"
Кийинки каарманыбыз Айжамал Бектен Кыргызстанда жашайт. Бирок ал дагы кыргыз тилин жаңыдан үйрөнө баштагандардын бири. 2019-жылдан бери Айжамал жарандык активист. Ал ЮНИСЕФ, Кызыл Жарым Ай, "Ветеран 365", "Бишкек феминисттик демилгелери" сыяктуу ар кандай уюмдарда ыктыярчы болуп жүрөт.
Айжамал Бишкекте чоңоюп, тили орусча чыккан. Ал барган орус тилдүү мектепте кыргыз тилин начар окутушчу:
“Мугалимдер тынымсыз алмаша берип, бизде урмат-сый, эмпатия кандайдыр бир деңгээлде өнүккөн жок. Бизге кыргыз тилинен сабак берген жаш кыздар көңүлүбүздү такыр тарта алган жок”.
Айжамал кыргызчаны турмуш-тиричилик деңгээлинде түшүнчү, бирок оюн айтканга келгенде такай кыйналчу. Чоңойгондо деколониалдык феминизм менен таанышып, кыргызча үйрөнө баштаган:
"Бул өтө акырындык менен болду. 2021-жылы биз муну олуттуу талкуулай баштадык. Маселен, социалдык тармактарда кыргыз тилдүүлөрдү "мырк", "Мамбет", "кыргызбай" дегендей кемсинткен учурларды көп байкай баштадык. Феминизм - бул аялдардын укуктары үчүн күрөш, патриархатка каршы күрөш. Андан тышкары, капитализмге каршы күрөшкөн социалисттик феминизм да бар. Мен өзүмдү деколониалдык феминистмин деп эсептейм”.
Айжамал кыргызча толук түшүнгөнү менен, азырынча эркин сүйлөй албайт. Бир топ тоскоолдукка кабылганын айткан активист учурда кыргыз тилин онлайн үйрөнүүдө.
"Тилди үйрөнүүдө эң негизгиси - көп угуу керек. Көп угуу, көп окуу жана өзү оюңда сүйлөмдөрдү түзүүгө аракет кылуу керек. Социалдык тармактардагы “Келиндин сырлары” форумун абдан жакшы көрөм, пайдалуу. Ал жерде баары кыргызча, анан дагы күнүмдүк жашоонун тилинде жазышат. Интервьюларды угам. Жеңилирээк китептерди окуйм. Мен дагы кыргызча "Сүйлө-Тартынба" клубуна барчумун. Бирок, тилекке каршы, ал жакка кызыккандар аз болуп, жаап салышты. Клубга 50 жаштагы америкалык дагы барчу, ал кыргызча менден жакшы билчү. Мен андан билбеген сөздөрдү сурап, аябай уялчумун”, - дейт Айжамал.