Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Орусияда Meta компаниясынын өкүлү Энди Стоунга издөө жарыяланды


Meta компаниясынын эн белгиси
Meta компаниясынын эн белгиси

Орусиянын Ички иштер министрлиги Фейсбук менен Инстаграмга ээлик кылган Meta компаниясынын маалымат катчысы Энди Стоунга федералдык издөө жарыялап, сыртынан камакка алды. Бул тууралуу “Медиазона” басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Стоунга "террорчулукка катыштыгы бар" деген айып тагылууда.

Басылма жазгандай, 2022-жылдын 11-мартында Орусиянын Тергөө комитети Meta компаниясына каршы кылмыш ишин козгогон. Буга компаниянын “орус баскынчыларына өлүм тилеген” билдирүүлөрдү жазган украиналык колдонуучуларды блоктоодон баш тартканы түрткү болгон.

Компаниянын чечими тууралуу Стоун жарыялаган.

Көп өтпөй Кремль Фейсбук менен Инстаграмды Орусиянын аймагында жаап, Мeta компаниясын “экстремисттик” деп тапкан.

Анткен менен Орусиядагы колдонуучулар аталган социалдык тармактарга VPN аркылуу кирүүнү улантып жатышат.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында согуш ачкан.

XS
SM
MD
LG