Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Көр сатууну тыюу сунушталган мыйзам долбоору талкууга коюлду


Жогорку Кеңештин имараты
Жогорку Кеңештин имараты

1-декабрда Жогорку Кеӊештин социалдык саясат боюнча комитети «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" долбоордун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев маалымдады. Анын айтымында, мыйзам долбоору маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алып, маркумдун көзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык сөөктү көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин камсыздайт.

Мындан тышкары маркумду мүрзөгө коюудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктап, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле, сөөк көмүлүүчү жайларда санитардык, экологиялык талаптарды сактоону иретке келтирет.

Быйыл 5-октябрдагы мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, депутаттар тарабынан жактырылган.

Талкуу маалында депутат Жанарбек Акаев маркумдарды жерге берүүдөгү коррупция тыйылбай, адилетсиз аракеттерден улам эл көрүстөндө орунду алдын ала ээлеп коюуга аргасыз болуп жатканын айткан.

1-декабрдагы парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылууда.

"Азаттык" 2018-жылы май айында Бишкектин түштүгүндөгү шаардык мүрзөдөгү коррупциялык система тууралуу "Көрүстөндөгү коррупция" аттуу иликтөө жарыялап, ал материал коомдо ири резонанс жараткан. Анын негизинде прокуратура эки кылмыш ишин козгогон. Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, аталган мыйзам долбоорун алып чыгууга маркум Улан Эгизбаевдин сө болгон иликтөөсү да өз таасирин тийгизди.

XS
SM
MD
LG