Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

Аба ырайы: күн жылуу болот


Бишкектеги күз.
Бишкектеги күз.

27-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3… +5, күндүз +19… +21 жылуу болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +16... +21 градус жылуу;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14… +19;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2… +7, күндүз +17… +22 градус жылуу болмокчу;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +6… +11;

Тоолуу Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында башка жактарга караганда суугураак болот, бул аймакта түнкүсүн -3…-8 болсо, күндүз күн +5…+ 10 градуска жылыйт;

Өлкө боюнча Суусамырда суук күчөйт. Бул аймакта түнкүсүн -7… -12 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG