Орусиянын Юстиция министрлиги мурдагы премьер-министр Михаил Касьяновду "чет элдик агент" деп жарыялады.
Жума күнү таратылган маалыматта "чет элдик агент" тизмесин тарыхчы Илья Венявкин, журналисттер Илья Давлятчин, Идрис Юсупов жана "Люди" мекемеси толуктады.
Михаил Касьянов "Эркин элдик партиясынын" төрагасы болгон. 2000-2004-жылдары премьер-министр болуп иштеген. Украинадагы согуш башталгандан көп өтпөй, Орусиядан чыгып кеткен.
Илья Венявкин – тарых илимдеринин кандидаты, InLiberty агартуучу программасынын жетекчиси, Санкт-Петербургдагы Европа университетинин кызматкери. Ал Советтер союзунун маданиятын жана күнүмдүк жашоосунун тарыхын иликтеген.
Илья Давлятчин – журналист, "Можем объяснить" долбоорунун иликтөө бөлүмүндө иштейт. Орусиянын журналисттик көп сыйлыктарынын ээси.
Идрис Юсупов – дагестандык журналист. "Новое дело" басылмасынын кабарчысы. Октябрдын аягында анын Махачкаладагы үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалган. Ага кандай айып тагылганы белгисиз, айрым маалыматтарга караганда бийлик аны экстремисттик ишмердүүлүк үчүн шек саноодо.
Юстиция министрлигинин белгилешинче, булардын баары "Орусия мамлекетине терс таасир этүүчү багытта ишмердик кылышкан, бийлик жөнүндө туура эмес маалымат тараптып, Украинадагы согуштук операция тууралуу тескери пикир айтышкан".
"Санкт-Петербург орус ПЕН-клубу" жоюлуп кеткени үчүн, агенттердин тизмесинен алынды.
"Чет элдик агент" тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Мыйзам Юстиция министрлигин чет жактан акча алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген бейөкмөт уюмдарды "чет элдик тыңчы" деп таанууга мүмкүнчүлүк берет. Кийинчерээк чет өлкөдөн акча албаса деле "чет өлкөнүн таасиринде" деген негиз менен айрым маалымат каражаттарын жана жарандарды "тыңчы" деп таануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Кандай таасир экендиги мыйзамда так жазылган эмес.