Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Олжобай Шакирдин соту башка күнгө калды


Олжобай Шакир. Архивдик сүрөт.
Олжобай Шакир. Архивдик сүрөт.

Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирдин бүгүн 24-ноябрга белгиленген соту болгон жок. Буга аны сотко алып келишпегени себеп болду. Иш Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда карала баштамак. Кийинки отурум 6-декабрга белгиленди.

Олжобай Шакир азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда. Атайын кызмат ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгоп, быйыл 23-августта кармап кеткен. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Атайын кызмат жазуучу «Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын”, - билдирген.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген.

Өзү абактан жазган каттарында онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеп келет.

Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген. (RK)

XS
SM
MD
LG