Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:32

Бейбаштыкка шектелип жаткан блогердин соту башка күнгө калды


Улукбек Карыбек уулу.
Улукбек Карыбек уулу.

Блогер Улукбек Карыбек уулунун бүгүн 24-ноябрга Ош шаардык сотунда белгиленген соту прокурордун өтүнүчү менен башка күнгө калтырылды. Буга соттук отурумга күбөлөр толук келбегени себеп болду. Кийинки отурум 29-ноябрга белгиленди.

Улукбек Карыбек уулу өз сөзүндө ишке Ош облустук төрөт үйүн коргоп Саламаттык сактоо министрлиги кийлигишип жатат деген пикирин айтты.

Быйыл 12-июлда блогер Ютуб каналга “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген видео жарыяланган. Анда бейтаптардын дарыгерлер акча талап кылганын айтып берген маектерин көрүүгө болот.

7-июлда Ош шаардык милициясы төрөт үйүнүн дарыгерлеринен бирөөлөр арткы эшикти бузуп кирип, уруксатсыз видеого тартып, догдурлардын жумушуна тоскоолдук кылып жатканы, дээрлик 37 миң сомдук чыгым келтирилгени тууралуу маалымат түшкөнүн, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышканын билдирген. Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон.

16-июлда Ош шаардык соту Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп таап, тергөөчүнүн аны эки айга камоо тууралуу өтүнүчүн четке каккан жана блогерди эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каты менен бошоткон.

Карыбек уулу мыйзам бузбаганын жана бейбаштык кылбаганын билдирген видео тараткан. Ал өзү дагы видеоаппараттарын тартып алууга аракет кылган дарыгерлерге карата арыз жазганын, бирок ал каралбай жатканын айткан.

Кыргызстандын Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошууну арыз-даттануусу бар бейтаптар тийиштүү органдарга кайрылса болорун, ал эми төрөткана түрдүү инфекцияны алдын алуучу стерилдик талаптар коюлган жайлардын бири экенин, ал жакка каалаган киши кирип-чыкканга акысы жоктугун айтып, дарыгерлердин ишине тоскоолдук жараткан блогер боюнча буга чейин алты кайрылуу түшкөнүн, ага каршы материалдар бир жылдан бери топтолуп келатканын, баары тийиштүү мекемелерге жөнөтүлөрүн маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG