Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Мүлктүн киреше салыгын төлөө шарты өзгөртүлөрү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мүлкүн мурда сатып, азыр ошонун киреше салыгын төлөөгө милдеттүү болуп жаткандардын айрымдарына талапты жумшартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн 23-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, айрым категорияларды төлөмдүн туумунан жана айыппулунан бошотуу сунушу иштелип чыгат:

“Бул эчак эле кабыл алынган мыйзам да. Мыйзам иштей баштады. Үйдү сатып, кайра өзү сатып алса, ага эч ким претензия кылган жери жок. Бир үйдү алып сатып ийип, ошондон пайда көргөнү декларациядан чыгып калса, төлөш керек болуп жатат. Бир гана туум жана айыппул боюнча суроону Министрлер кабинетине киргизгиле дедик, аны да сиздер менен акылдашканы келебиз. Бирок салыкты төлөш керек. Өзгөчө чырылдап жаткандар – котловандан 16дай батирди өзүлөрү сатып алышат экен да, анан ошонун баарын сатып жиберишет. Киреше кана десең жок. Жалгыз үйүн сатып жибергендер кайрылып жатат, алар боюнча туум, айыппулдарын карап берели деп жатабыз. Ал эми жанагы риэлторлор сөзсүз төлөйт”.

Бул маселени депутат Максатбек Сарбагышев көтөрдү.

5-6 жыл мурда сатылган мүлкүнө киреше салыгын төлөө талабы азыр коюлуп жаткан жарандар көйгөйүн 19-октябрда депутат Улугбек Ормонов да айтып чыккан:

«Албетте, мыйзамды бардыгы аткарышы керек, бирок бул жерде жалгыз эле ошол кишилердин күнөөсү эмес. Салык кызматынын да күнөөсү бар, убагында салыктарды чогултпаган. Беш жыл мурун саткан үйүнө же транспортуна кагаз келип, 10% киреше салыгын айыппул, үстөгү менен кошо төлө деп жатышыптыр. Ушул маселеге өкмөт көңүл бурса. Былтыркы-быйылкы болсо, маселе жок, колуна кагаз тиери менен төлөшү керек. Бирок мындан 5-6 жыл мурун сатылган мүлк боюнча маселе бар. Министрлер кабинети бир чечимин чыгарбаса болбойт”.

Былтыр Салык кызматына жарандардын үй-жай жана унаа сатуу-сатып алуусу тууралуу расмий маалымат сакталган “Кадастр” жана “Унаа” мамлекеттик ишканаларынын каттоо материалдарын көрүп туруу укугу берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG