Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Бишкектин АКШ менен кызматташтыгы талкууланды


Бишкек шаарынын АКШ менен кызматташтыгы мэр Айбек Жунушалиевдин Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн 21-ноябрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин иш жөндөмүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бишкек шаары менен элчиликтин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселесин, маданий жана билим берүү тармагындагы алмашуу программаларын, ошондой эле бир тууган шаар аталган Колорадо-Спрингс менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы эл аралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи”, - деп маалымдады мэрия.

1994-жылдын 22-февралында Бишкек шаары менен Колорадо-Спрингс шаарынын ортосунда Тынчтык жана кызматташтык келишимине кол коюлган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG