Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:30

Башталгыч класстын тамак-ашына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик мектептериндеги башталгыч класс окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн акча келерки жылы 14 сомго көбөйтүлөт.

Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде келерки жылдын бюджети талкууланып жатканда билдирди.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү мектептеги, бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына каралган акчанын көлөмүн сурашты. Депутат Эмил Токтошев балдар өлкөнүн келечеги экенин эскертип, алардын тамак-ашынан акча аябоого чакырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бала бакчалардагы бөбөктөрдүн тамак-ашын ата-энелер каржылайт деген маселеге токтолуп, бакчадагы балдарды өкмөт баксын деген талапка каршы экенин билдирди.

Ал бала бакчаларды куруп, жабдып берүү - өкмөттүн, ал эми тамагын камсыздоо ата-энелердин милдети экенин айтты.

"Бизде жакырлар көп, бүт эле жакыр. 1,5 млн машине бар, бирок баары эле жакыр. Жакында Кытайдын жакырлар менен иштөө ыкмасын көрүп, ошого өтүүнү чечтик. Биз өкмөттөн жөлөк пул алган жакыр үй-бүлөлөрдүн сүрөтүн тартып, алардын үйүн, машинесин кошо тартып, телевидениге жана компьютерге чыгарабыз. Ким кедеймин десе, сүрөткө тартып алабыз. Бизде алты саны аман туруп, жөлөк пул алгандар көбөйдү".

Ноябрдын башында Финансы министрлиги "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилгенин, ага ылайык, бала бакчалардагы бөбөктөрдүн тамак-ашын ата-энелер каржылашы керектигин маалымдаган.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жогорку Кеңеште Мирлан Самыйкожо, Элвира Сурабалдиева, Нурлан Азыгалиев баштаган депутаттар тобу мамлекеттик бала бакчаларда тамакты буга чейинкидей эле өкмөттүн эсебинен берүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган. Депутаттар мектепке чейинки мамлекеттик мекемелерде тамак-аш маселесин ата-энелерге жүктөө Конституцияга каршы келерин белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG