Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Бишкекте 288 батир Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлөт


Муниципалдык менчикке кайтарылган үй. УКМК тараткан сүрөт. 16-октябрь, 2023-жыл.
Муниципалдык менчикке кайтарылган үй. УКМК тараткан сүрөт. 16-октябрь, 2023-жыл.

Жалпы аянты 15062 чарчы метрди түзгөн 288 батир Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлөт. Жалпысынан 616 млн 85,6 миң сомго бааланган бул батирлер "Артис Глобал Ко ЛТД" жана "Кыргыз Каганат" курулуш компанияларына таандык.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, батирлер аталган компаниялар менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин турак жай департаментинин ортосундагы 2018-жылы түзүлгөн келишимге ылайык берилгени жатат. Келишимде турак жай курулган жер тилкелери Бишкектеги Ахунбаев, Некрасов жана Коперник көчөлөрүнүн кесилишинде экени белгиленген.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Турак жай департаменти батирлерди Мамлекеттик ипотека компаниясына "Менин үйүм - 2021-2026" долбоорун ишке ашыруу максатында берет. Мындан тышкары департаментке батирлердин баштапкы баасын чарчы метрине 49 000 сом деп бекитүү тапшырмасы берилди.

Бир ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте үй курууга жер тилкесин ижарага алган тарап шарттарды аткарбаганын, ага ылайык жалпы баасы 505 миллион сом, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана башка жайлар, андан тышкары 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылганын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG