Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

ДССУ: Аш-Шифадан эвакуацияланган 11 ымыркайдын абалы оор


Газа тилкесинин түндүгүндөгү Аш-Шифа ооруканасынан эвакуацияланган ымыркай. 19-ноябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесинин түндүгүндөгү Аш-Шифа ооруканасынан эвакуацияланган ымыркай. 19-ноябрь, 2023-жыл.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму Газа тилкесинин түндүгүндөгү Аш-Шифа ооруканасынан 19-ноябрда эвакуацияланган 11 ымыркайдын абалы оор экенин билдирди.

Уюм Кызыл жарым ай коому менен биргеликте наристелерди анклавдын түштүгүндөгү госпиталга жеткирди.

“Ымыркайлар Газа тилкесинин түштүгүндөгү “Аль-Хелал Аль-Эмарати” ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды”, -деп белгиленет уюм тараткан билдирүүдө.

Маалыматка караганда, ал жактагы ооруканада дагы электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, күйүүчү май жетишсиз болууда. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Аш-Шифада дагы 250дөй бейтап жана 20дай медициналык кызматкер бар. Аларды токтоосуз эвакуациялоо зарыл.

Жалпысынан 31 ымыркай эваукацияланган. Учурда Газа тилкесинин түндүгүндөгү Индонезия ооруканасынын тегерегинде кармаш күч алды. ХАМАС уюму (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, оорукананын экинчи кабатына тийген снаряддан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. 3 миңге чукул палестин дайынсыз. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. Улуттар Уюмунун агенттигинин эсебинде бир жарым миллиондон ашуун тургун аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду.

XS
SM
MD
LG