Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көтөрүү пландалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн келерки жылы 7% көбөйтүү максаты тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Ал буга мамлекеттик бюджеттен кошумча 997 млн сом каралып жатканын бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде 2024-жылдын бюджетин талкуулоо учурунда билдирди.

"Азырынча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көбөйтүү планыбыз бар. Кийинки жылдын биринчи жарымындагы акчанын түшүүсүнө жараша 1-октябрда көтөрүү боюнча так маалым болот", - деди Алиев.

Соцфонддун төрагасынын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы пенсионерлердин 24% пенсиясын "Кыргыз почтасы" аркылуу, калганы банктар аркылуу алат. Бул алардын тандоосуна жарашат болот.

Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда пенсиянын камсыздандыруу же базалык бөлүгү көтөрүлүп келет. Быйыл 1-октябрда камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен пенсия 38 пайызга жогорулаган. Учурда пенсиянын орточо өлчөмү 9330 сом.

Кыргызстанда азыркы тапта 765 миң пенсионер бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG