Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Кендирбаева: Мектептерде класстарды тазалоо иштерине 55 млн сом бөлүндү


Чоң-Алай районундагы мектептердин бири. Архивдик сүрөт.
Чоң-Алай районундагы мектептердин бири. Архивдик сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын орто мектептеринде класстардын полун жууганга окуучулар тартылып жатат деген маалыматты четке какты. Министр бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде депутат Жылдыз Садырбаеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Кендирбаева мамлекеттик бюджеттен мектептин пол жуугучтарына окуу класстарын тазалоого бөлүнгөн 55 млн сом аймактагы мектептерге жиберилгенин билдирди:

"Бишкек шаары бул маселени өз бюджетинен чечип берет. Ал эми аймактардагы мектептерге 55 млн сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн, акча жөнөтүлдү. Айлык акынын аздыгынан пол жуучулар иштен кеткени Бишкекте байкалган, аймактарда андай жок".

Бул маалыматты Каржы министрлигинин өкүлү Жибек Дүйшеева ырастады. Анын сөзүнө караганда, акча Финансы министрлиги тарабынан жыл аягына чейинки мөөнөткө бөлүнүп, даректерине жиберилди. Ал эми кийинки жылга пол жууганга 500 млн сом каралып, бюджетке киргизилген.

Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка ушул жылдын май айында кол койгон. Анда акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдер жоопко тартылары эскертилген.

Фонддор жоюлган соң, мектептердеги окуу класстарын тазалоо жана коопсуздукка көз салган күзөт кызматын каржылоо маселеси жаралган. Айрым мектептерде класстарды балдар жууп-тазалап, ал эми күзөткө ата-энелер кезектешип тура баштаганы кабарланган.

Ал эми Министрлер кабинети 2023-жылы 28-сентябрда атайын токтом чыгарып, быйылкы жылы мектептерди оңдоо, кайтаруу жана тиричилик буюмдарын сатып алуу үчүн 557 млн 158 миң сомду республикалык бюджеттен бөлүп берүүнү Каржы министрлигине табыштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG