Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:26

Сузактын тургуну маңзат лабораториясын түзүп алган деген шек менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук милициясы Сузак районунун тургунун баңгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, үйүндө даярдап, сактап жүргөн деген шек менен кармады.

Милициянын басма сөз кызматы 16-ноябрда билдиргендей, райондун Ленин айыл аймагынын 65 жаштагы тургуну үйүндө баңгизат лабораториясын түзүп алгандыгы белгилүү болгон.

Тинтүү учурунда анын үйүнөн 35,5 килограмм “марихуана” табылган.

Маалыматка караганда, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон, 2018-жылдан бери “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү катарында каттоодо турат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси ( Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8,5 миң киши бар деп эсептеген.

"Сорос Кыргызстан" фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65 пайызы 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн.(TB)

XS
SM
MD
LG