Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Орусияда мигранттардын балдарынын орус тилди билүү деңгээли текшерилет


Орусиядагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт
Орусиядагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Агартуу министрлиги мигранттардын балдарын орус тил сыноосунан өткөрүп турат. Тесттин жыйынтыгы менен алар кошумча курстарга жиберилиши мүмкун. Бул тууралуу парламенттик угуу маалында министр Сергей Кравцов билдирди.

"Коммерсантъ" басылмасы жазгандай, буга чейин орус коомунда бул темада талкуулар жургөн. Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев мигранттардын балдарынын 50-70% орусча начар сүйлөшөт же такыр билишпейт деп айткан. Фадеев Москва жана Петербургда андай балдардын саны 20% жетерин кошумчалаган.

“Адилеттүү Орусия” партиясы чет элдик же орус тилин жакшы билбеген окуучулардын санын 10% чейин чектөөнү, ал эми айрым мектептерде тилди акча төлөп окутуу курстарын киргизүүнү сунуш кылды.

Орус тилин билүү деңгээлин аныктоодон тышкары министрликтин порталында «баланын социалдык-маданий нарк-насилин (адаптациясын) баалоо» тесттери жарыяланганын “Свобода” радиосу жазды. Жогорку класстагылар Орусиянын тарыхын жана маданиятын канчалык билет деген сыноодон өтүп турмакчы.

"Платформа" деген Социалдык долбоорлоо борборунун директору Алексей Фирсов "Коммерсант" менен болгон маегинде тарых боюнча суроолорду сындап, динге көп көңүл бурулганын айтты.

Эксперттер орус тилинин кошумча курстарын ким каржылайт деген суроо ачык калганын, мигранттардын чамасы ага жетпесин белгилешет.

XS
SM
MD
LG