Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

ЦАХАЛ Аш-Шифа ооруканасында операция баштаганын билдирди


Аш-Шифа ооруканасы. Спутниктен тартылган сүрөт. Газа. 11-ноябрь, 2023-жыл
Аш-Шифа ооруканасы. Спутниктен тартылган сүрөт. Газа. 11-ноябрь, 2023-жыл

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газадагы Аш-Шифа ооруканасында ХАМАС радикал тобунун мүчөлөрүн бутага алган операцияны баштаганын билдирди. Уюм АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган.

Al Jazeera телеканалынын кабарчысы Аш-Шифанын короосунда израилдик танктар турганын, аскерлер оорукананын бир имаратына киришкенин ошол жерден айтып берди. Ага чейин ушундай эле маалыматты жергиликтүү тургундун айтканына таянып Би-Би-Си тараткан. Ошол киши алты танкты жана жүздөн ашуун аскерди көргөнүн, алар арабча “кыймылдабагыла” деп кыйкырышканын айтып берген.

Кагылышуулар же ок атуу жөнүндө маалымат түшө элек.

Ошол эле маалда маалымат каражаттары израилдик аскерлер Аш-Шифаны толугу менен көзөмөлгө алды деген ырастоолорду текшерүу мүмкүн эместигин белгилешет.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү израилдик аскерлер оорукананын жертөлөлөрүн тинтип жатышканын Al Jazeera каналына айтты.

Израиль бийлиги комплексте жана анын алдында хамасчылардын командалык пункту жайгашкан деп келатат.

ХАМАС муну жана бейтаптарды тирүү калкан кылып пайдаланууда деген айыптоолорду четке кагууда. Алардын айтымында, Аш-Шифада Израил армиясынын аткылоосунан чыга албай калган 650дөй бейтап жана жер которгон 5 миңден ашуун киши баш калкалап жатат.

Согушкерлердин маалыматына караганда, ооруканада 40 бейтап каза болду, ара төрөлгөн ымыркайлар жаткан инкубаторлор күйүүчү май жок иштебей калганда үчөө чарчап калды.

Израил оорукананы камалоого алганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, ичиндегилер үчүн чыгып кетүү жолдору ачык экенин билдирген. Дарыгерлер жана комплекстегилер чыгуу аракетин көргөндөр аткылоого туш болгонун айтышкан.

Бул кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүүгө мүмкүн болбой турат.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил радикал топко согуш жарыялап Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG