Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

"Энелер лигасы" волейбол турнири аялдарды зомбулуктан коргоого арналды


Бишкекте волейбол боюнча "Энелер лигасынын" кезектеги турнири өттү. 12-ноябрда "Бактылуу болууга укугубуз бар” урааны менен өткөн спорттук иш-чара бул жолу «Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн» глобалдык акциясы алкагында Зомбулукту алдын алуунун эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Республиканын бардык аймактарынан келген 25+, 35+ жана 50+ жаш категорияларындагы аялдардан турган 70тен ашык команданын арасындагы таймаш Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имаратында өттү. Оюнчулар зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен кыздарды колдоо белгиси катары сары галстук тагып, сары шарларды учурушту.

“Энелер лигасынын” катышуучуларынын бири, юрист Таалайгүл Токтакунова белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулук Кыргызстанда актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болууда:

“Бүгүнкү турнир менен биз коомубуздагы аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча маалымдуулукту арттыргыбыз келет. Ал эми зомбулукту токтотуу үчүн аялдарды жана кыздарды зордук-зомбулуктан ар тараптуу жана кепилденген коргоону камсыз кылган күчтүү мыйзамдар керек».

Волейбол боюнча «Энелер лигасы» 2016-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

Турнирдин коноктору белгилүү коомдук ишмерлер, депутаттар, ишкерлер болушту.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда Жогорку Кеңеште аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. (KE)

XS
SM
MD
LG