Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

УКМК ишкерлердин товарын тартып алган кылмыштуу топ кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) көп жылдар бою Кытайдан импорттолуп келген товарларды ишкерлерден жана жарандардан мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схема түзгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, "алар кримтөбөл, маркум Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү".

Алардан 385 миң доллар өлчөмүндө жабыр тартканын билдирген М. Г. аттуу жаран даттанган. Текшерүү учурунда анын айткандары ырасталып, УКМК “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жана иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, анын ичинде түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгында алардын айрымдары келтирилген зыянды ишкерге толугу менен төлөп беришти", - деп жазылган маалыматта.

Мекеме факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө уланып жатканын маалымдады.

УКМК 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн билдирген.

Атайын кызмат буга улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG