Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:47

Ошто прокуратура "Классик" мейманканасынын ээсинин арызын текшере баштады


Ош шаардык прокуратурасы.
Ош шаардык прокуратурасы.

Ош шаардык прокуратурасы “Классик” мейманканасынын жетекчисинин арызын текшере баштады.

Бул туралуу 13-ноябрда шаардык прокуратурадан “Азаттыка” билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Классик” ЖЧКсынын директору Жаныбек Ажимаматов арыз менен Ош шаардык кеңешине кайрылып, өзүнө кысым болуп жатканын билдирген. Арызында ал 5-октябрь - шаар күнундөгү сый тамакты бекер өткөрүп берүү талабы коюлганын айтып, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсуповдун, мэрдин ошол учурдагы коомдук башталыштагы кеңешчиси Абдүшүкүр Жураевге каршы даттанган.

Ишкердин арызы боюнча буга чейин Ош шаар кеңешинин мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн депутаттык комиссиясы жыйын куруп, маселе жалпы сессияда карала турган болгон. (DSh)

XS
SM
MD
LG