Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

Бишкек: Таштанды полигонуна бөлүнүп, уурдалган акча боюнча эки киши издөөдө


Таштанды полигону.
Таштанды полигону.

Бишкектин четиндеги таштанды полигонун иретке келтирүү долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча эки кишиге издөө жарыяланган. Бул тууралуу шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.

Комиссиянын 9-ноябрдагы отурумунда долбоор боюнча депутаттарга вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев маалымат берди:

“Абдан чоң териштирүү болуп, Жогорку Кеңешке чейин жеткен, билесиздер. Эсеп палатасы текшерүү жүргүзгөн. Маселе Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде көзөмөлдө турат. Мэриянын жана “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын мурдагы өкүлдөрүнө иш козголгон. Эки киши – бул кылмыш ишинин негизги фигуранттары алигүнчө издөөдө”.

Полигонду иретке келтирүү, рекультивация иштерин жүргүзүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (EBRD) убада кылган 22 миллион евросунун 12 миллиону келген. Ал акча кандайча сарпталганын эсептеп чыгышканда кайсы бир бөлүгүнүн дайыны табылбай калгандыктан кеминде беш кылмыш иши козголгонун былтыр Жогорку Кеңеште борбор калаанын прокурорунун орун басары Рысбек Аманатов билдирген. Ал мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы ар бир иш боюнча өзүнчө эсептелип жатканын, биринде 41,4 миллион сом, биринде 22,3 миллион сом, дагы биринде 1,4 миллион сом деп аныкталганын, калгандары боюнча да эсептөө жүрүп жатканын, орду дээрлик толтурула электигин кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG