Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Конституциялык сот матроним тууралуу өз чечимин кайра өзгөрттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык сот кыргызстандыктарга документине “атасынын аты” деген жерге апасын жаздырууга жол ачкан матроним тууралуу өз чечимин кайра өзү өзгөрттү. 9-ноябрда чыккан чечимде буга “мамлекеттик институттардын коомдук-укуктук жана жеке-укуктук кызыкчылыктарды коргоо боюнча укук тартибин коргоо ишмердүүлүгүнүн тең салмактуулук принцибин сактоо максаты” жана “матчество институтун киргизүүнү коомдун басымдуу бөлүгү терс кабыл алгандыгы, андайды алдын ала билүү мүмкүн болбогону” себеп экени белгиленди.

30-июнда Конституциялык сот активист Алтын Капалованын арызын карап, бала 18 жашка чыкканда адатта атасынын гана атын алып жүргөндүн ордуна эми апасынын атын да алса болорун билдирген. Ошону менен катар энесинин атын балага төрөлөр замат ыйгаруу туура эмес деген чечим чыгарган.

Өлкөнүн башкы мыйзамы болгон Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп белгиленген.

8-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “Фейсбуктагы” баракчасына "Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям" деп жазган.

28-сентябрда Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдеринин кайра каралышына жол ачкан мыйзамды талкуусуз карап, кабыл алган.

3-октябрда бул мыйзамга президент Садыр Жапаров да кол койгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG