Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:44

"Саманчынын жолу" балет-ораториясы Москвадагы фестивалда көрсөтүлдү


Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын балет труппасы Орусияда өтүп жаткан музыкалык театр фестивалында өз өнөрүн көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн 9-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Галина Вишневская атындагы борбордун опера театрынын сахнасында "Саманчынын жолу" балет-ораториясын тартуулады.
"Балет-оратория - нукура улуттук эпопея, кыргыздын улуу искусство ишмерлери Чыңгыз Айтматовдун, композитор Калый Молдобасановдун, балетмейстер Уран Сарбагышевдин чыгармачылыгынын туу чокусу. Бул чыгарма Орусиянын Чоң театрында алгачкы жолу 1984-жылы коюлган. Арадан 40 жыл убакыт өткөндөн кийин, Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кайрадан коюлду", - деп билдирди министрлик.
Орусиянын "Музыканы көрүп" музыкалык театр фестивалы Москвада быйыл сентябрь-декабрь айларында өтүүдө. Аны Орусиянын Маданият министрлиги жана Музыкалык театрлар ассоциациясы негиздеген.

XS
SM
MD
LG