Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

Израил армиясы Иордан дарыясынын батыш жээгинде рейд жүргүздү


Жениндеги рейд учурунда. 9-ноябрь, 2023-жыл
Жениндеги рейд учурунда. 9-ноябрь, 2023-жыл

Израилдин аскерлери бейшембиде эртең менен Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги бир нече шаарга жана качкындар лагеринде рейд жүргүздү. Рейтер агенттиги маалымдагандай, Женин лагеринде көчөлөрдү бульдозерлер менен түрттүрүштү. Жергиликтүү тургундар суу жана электр менен камсыздоо системаларына зыян келтирилгенин айтып беришти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги Женинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган жерлерде жөөт аскерлери алты палестиналыкты өлтүргөнүн билдирди.

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Женинде террорчуларга каршы рейд жүргүзгөнүн бышыктады, бирок анын чоо-жайын айткан жок.

ЦАХАЛдын соккусунан Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында эки имарат кыйрап, бир нече киши, анын ичинде балдардын каны төгүлгөнү кабарланды.

Газада бир ай мурун согуш башталганда жөөт армиясы палестиндерге түштүк тарапка чыгып кетүүнү эскерткен. Миңдеген палестиндер Хан Юнус шаарына келип баш калкалаган. Бирок Израил аскерлеринин аба чабуулдары токтой элек.

Палестиндердин Wafa агенттиги ЦАХАЛдын учактары Жабалиядагы качкындар лагерине сокку урганын, кишилер уранды алдында калганын жазган. Жөөт армиясы Жабалиядагы ХАМАСтын башкы таяныч борборунун бирин ээлегенин, 10 саат катуу кармаш менен согушкерлер колдонгон туннелдерди тапканын жарыялады.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул маалыматтарды башка булактардан бышыктай алган жок. Мурдараак ЦАХАЛ Газа шаарынын борборуна жетип, анклавды толук көзөмөлгө алганын билдирген. Бирок радикал уюм муну четке кагууда.

7-октябрда ХАМАС радикал тобунун жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 400дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакынын барымтага алган. Израил жооп иретинде согуш жарыялап, ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 10 миңдей палестиналык каза тапканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG