Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:27

Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигине жетекчи болду


Нурдан Орунтаев.
Нурдан Орунтаев.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жетекчилик алмашты. Бул тууралуу бүгүн 9-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, агенттиктин директору Мырзабек Жыпаркулов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Буга эмне себеп болгону айтылган жок.

Жаңы жетекчи болуп Нурдан Орунтаев дайындалды. Орунтаев 2022-жылдын август айынан бери Бишкекте мэрдин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча орун басары болуп иштеп келди.

35 жаштагы Орунтаев «Юриспруденция», «Соттук криминалистика» адистиги боюнча жогорку билим алган. 2006-2021-жылдары милиция тармагында эмгектенген. Вице-мэр болуп дайындалганга чейин 2022-жылы Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп иштеген. Анын тушунда борбор калаада бир катар курулуштар мыйзамсыз деп табылып, буздурулганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Мырзабек Жыпаркулов Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин быйыл январь айынан бери башкарып келди. (RK)

XS
SM
MD
LG