Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Тергөө абагынын эки кызматкери маңзат киргизүүгө шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын (СИЗО-1) эки кызматкери (контролер) ушул жайда кармалып турган айыпталуучуларга баңгизат киргизип турган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, тергөө абагында кармалып турган айыпкерлерге жана соттолгондорго баңгизаттарды жеткирген канал Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргелешкен иштин натыйжасында аныкталып, бөгөт коюлган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо", 2-бөлүгүнүн 2-пункту) козголгон кылмыш ишинин алкагында эки контролер тергөө абагына камалды.

Жаза аткаруу кызматы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жылдык жыйынында, 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлганы айтылган.

Маалыматка караганда, маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 6,6 тонна баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Басымдуу бөлүгүн прекурсорлор түзөт (5 тоннадан ашуун).

Милиция бир жыл ичинде 76 кг героин, 169 кг гашиш, 281 кг марихуана, 230 кг психотроптук заттар, кара куурай, апийим кармалганын маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG