Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:23

Аялды урганы үчүн камалган American school мектебинин жетекчиси абактан бошотулду


Акыйкатчы мекемеси тараткан сүрөт.
Акыйкатчы мекемеси тараткан сүрөт.

Бишкекте аялын кордогону үчүн камалган киши элдешүүнүн натыйжасында камактан бошотулуп, ага каршы козголгон иш жабылды. Бул маалыматты бүгүн 9-ноябрда Октябрь райондук милициясы тастыктады.

"26-октябрда кылмыш иши Кылмыш-процессуалдык кодекстин 27-беренесинин ("Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар") 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун ("жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкенде") негизинде токтотулду, ушуга байланыштуу камактан бошотулду", - деп айтылды мекеменин маалыматында.

15-сентябрда милицияга жарандык никедеги күйөөсү сабап, үтүк менен колун күйгүзүп, зордуктаганын айткан 34 жаштагы келин кайрылган. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары Бишкектин 38 жаштагы тургуну кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына (СИЗО-1) эки айга камакка алынган.

6-октябрда өлкөнүн акыйкатчысы Жамила Жаманбаева бул иш боюнча билдирүү таратып, милиция, сот жана прокуратура органдарын аялдын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырган жана жабыркаган келин жарандык күйөөсү эркиндикке коё берилсе, ал кайрадан кордук көрсөтөт деп коркуп жатканын билдирген.

Шектүү жаран American school англис тили мектебинин директору экени маалым болгон.

Кылмыш ишин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 154-беренесинин ("Зордуктоо") негизинде козгогон. Бул беренеге ылайык, кылмышкер беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

XS
SM
MD
LG