Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Орус армиясы Украинанын Херсон облусун аткылады


Херсонго жасалган Орусиянын армиясынын соккусунун кесепети. 30-сентябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Херсонго жасалган Орусиянын армиясынын соккусунун кесепети. 30-сентябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын армиясы 8-ноябрга караган түнү Украинанын Херсон облусун аткылоону улантты. Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин бир киши мүрт кетип, бир тургун жараат алганын Телеграмга жазды.

Ал Орусиянын күчтөрү карапайым тургундар жашаган районду жана Херсон районундагы заводду бутага алышканын кошумчалады.

“Соңку бир сутка ичинде душман минометтер, артиллерия, “Граддар”, танктар жана авиацияны колдонуу менен 108 жолу аткылады”, -деди Прокудин.

Ал арада Украинада туткунга түшкөн орусиялык аскерлердин саны көбөйгөнүнө байланыштуу алар үчүн экинчи лагерь ачылат. Бул тууралуу өкмөттүк “Жашагым келет” уюму 7-ноябрда билдирди. Уюм лагерь эл аралык гуманитардык укуктун бардык нормаларына жооп берерин кошумчалады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, 300 орундуу жаңы “Батыш-2” лагери Молдова менен чек арага жакын Винницкий облусунда жайгашат. Буга чейин Львов облусундагы “Батыш-1” лагери 600 кишиге ылайыкташканы кабарланган.
Орусиялык канча аскер Украинада туткунга түшкөнү так белгисиз.

XS
SM
MD
LG