Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Ата-бабалар тарыхы: Астайбек Бутанаевдин Кыргыз каганатынын жазмасы жана кагандары ж.б. тууралуу акыркы макаласы


Астайбек (Виктор) Бутанаев улуттук кийимчен.
Астайбек (Виктор) Бутанаев улуттук кийимчен.

Теги хакас боордошубуз, профессор Виктор (Астайбек) Бутанаев өмүр бою кыргыз таануу, хакас таануу жана башка Саян-Алтай, Борбордук жана Ички Азия түрк калктарынын этнографиясы жана тарыхы өңүттөрүн изилдеп жүрүп быйыл жайында дүйнө салды. Анын акыркы макалаларынын бири тууралуу кичүү тарыхчы үзөңгүлөшүнүн блогу.

Энесайдагы чыгаан боордошубуз

Жалпы кыргыз тарыхын кеңирсиген Саян-Алтай жергесиндеги жана андан тышкаркы (Уралдан Манчжурияга чейинки) аймактардагы калктардын этнографиялык маалыматтарына байланыштырып изилдеген мээнеткеч окумуштуулардын алдыңкы сабында боордош хакас элинин чыгаан өкүлү бар. Ал – маркум тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, Орусиянын Коомдук илимдер академиясынын академиги, профессор Виктор Яковлевич Бутанаев (12.03.1946 – 05.06.2023).

Анын хакасча, башкача айтканда, энесайлык кыргызча ысымы – Астайбек Алабарс уулу Бутанай небереси. Аны кыргыз шакирттери Астай байке деп урматтап атаар элек.

Казак академиги, тарыхчы Сатай Максут уулу Сыздыков агай менен көп ирет Кыргызстанда чогуу жолуктук. Ошондо Астай байке ага: “Сен – казактын Сатайысың, мен хакастын Астайымын!” деп тамашалап каткырган учурлары эсте.

Астай байкенин атасынын ысымы кыргызча Арстан дегенди туюнтат экен, демек, Яков (Алабарс) Бутанаев кыргыздын дары устаты, академик Арстанбек Алтымышевдин жана тарыхчы Арслан Капай уулунун аты уйкашы болуп чыгат.

Ал эми Астай байкенин чоң атасынын ысымы кыргызча Бото (төөнүн ботосу) сөзүнүн эркелеткен түрүнө маанилеш. Кыргызда да Ботобай, Ботобек, Ботокан, Ботокөз ысымдары бар эмеспи.

Астай байке ар дайым карапайым кыргыздар менен жолугуп, ар кыл темада кеп куруп, анан шаттана бакылдап тураар эле: “Ой, бул сөз хакасча мындайча болот да!”

Ал биздин үйүбүздө отуруп, беш манжанын аталыштары тууралуу кыргыз балдарынын сөз оюнун (“баш бармак, бадам жүрөк, ортон оймок, оюп чиймек, чып-чып чыпалак, чыпылдаган кысталак!”) угуп, маашырланды да, бул сөз оюнунун хакас балдары колдонуп жүргөн вариантын айтып берди.

Хакастын этнографиялык казынасын ал өмүр бою көп сандаган эмгектеринде чагылдырып, кыргыз таанууга да, жалпы түркология илимине да бараандуу салым кошту.

Аны мүлдө кыргыз таануучу окумуштуулар “азыркы теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары болуп саналат" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу катары эстеринен чыгарбайт.

Бул пикирди баса айтуубуз абзел, себеби теңир-тоолук кыргыздар менен бүгүнкү хакастар – кайнаса каны кошулбас эки башка эл деген калпыс пикирди илим чөйрөсүнө таңуулагысы келген калемгерлер Хакасияда дагы (профессор Леонид Кызласов жана анын уулу Игорь ж.б.), Кыргызстанда дагы (1982–1984-жылдары маркум Аманбек Карыпкуловдун “коммунисттик” идеологиялык тобуна кирген айрым азганактай кыргыз жана орус тарыхчылар) бар болчу.

Экинчи топтогулардан академик Владимир Плоских сыяктуулар кайра өз ойлорунан жанышып, Өмүркул Караев, Галина Супруненко, Бөрү Ахмедов, Болот Көмеков, Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев, Дмитрий Савинов, Галина Вацлавна Длужневская, Анвар Байтур, Токторбек Өмүрбеков, Ташманбет Кененсариев, Муратбек Кожобеков, Кубатбек Табалдыев, Акылбек Кылычев, Кыяс Молдокасымов, Жаркын Турсун, Олжобай Каратаев, Гүлниза Айнакулова, Арслан Капай уулу, Гүлжамал Эсеналиева, Табылды Акеров, Замира Садырова, ушул саптардын ээси ж.б. тарыхчылар ырааттуу колдогон пикирди – кыргыздар менен хакастардын этностук тарыхынын байыркы тамыры – орток деген жобону 2000-жылдардан тартып колдой башташкандыгы да маалым.

Астай байкени түркология илим дүйнөсүндө өзгөчө урматташчу.

Ал, расмий сыйлыгы жагынан, Кыргызстанда дагы, Хакасияда дагы жогору урматталды: ал Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2006) наамдарына ээ болду. Ал Орусия Коомдук илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланды.

Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. 2017.
Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. Бишкек шаары. 18.04.2017.

Кыргызстанда ал “Даңк” медалы жана Үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Түркияда ага эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгы берилген.

Арийне, Хакасиянын өзүндө “кызласовчулар” дагы деле бар жана саясий Олимптен четтеше элек, ошондуктан Астайбек байкени Абаканда айрымдар түшүнсө-түшүнбөсө да эски болшевиктик ыкмадагы сүрмө топ менен жазыксыз жерден пантүркчүл жана панкыргызчыл деп тымызын кодулап келишкендиги жашыруун эмес.

Астай байке өзүнүн дүйнө салаарына аз калганда деле телефон аркылуу баарлашканымда бул жаатта арыз-арманын айтып калаар эле. “Жок дегенде Ала-Тоодо мени түшүнүшөт деп кубанам” дечү ыраматылык.

Ал постсоветтик Кыргызстандагы жаш тарыхчыларды телчитүүгө зор салым кошту. Анын чыгармачыл салымдары жаатында Кыргызстанда Кайрыкан Жаныбекова тарабынан кандидаттык илимий диссертация дагы жакталгандыгын кошумчалай кетели.

Чынында да аны Ала-Тоодо өзгөчө сыйлашчу. Анын бир катар эмгектери Кыргызстанда орус жана кыргыз тилдеринде жарык көрдү. Айрым чыгармалары жазуучулар Кеңеш Жусупов менен Каныбек Иманалиев жарыялап келе жаткан “Кыргыздар” көп томдугуна ырааттуу киргизилип келет.

Анын Барсбек, Тириг-бек, Эренак жана башка тарыхый инсандар тууралуу даректүү маалыматтары жана Саян-Алтайдагы түрк тилдүү элдер менен Борбордук Азиядагы жана Урал-Эдилдеги ж.б. түрк тилдүү элдердин этнографиялык байланыштары жөнүндөгү жеке табылгалары жалпы түркология (анын ичинде кыргыз таануу) илим тармактарына кошулган зор салым болуп калды.

(Маселен, караңыз: Бутанаев В.Я., Бутанаева И.И. Эне-Сай кыргыздары: фольклор жана тарых / Кыргызчага которгон профессор, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев. – Бишкек: "Сорос-Кыргызстан" Кору, 2002. – 228 бет. – "Котормочулук" долбоору).

Астайбек агайдын Бишкекте чыккан соңку макаласы

Албетте, Астайбек байке (Виктор Яковлевич) эң акыркы илимий макалаларын кайсы тараптарга жөнөтүүгө үлгүргөнүнөн толук кабардар эмеспиз.

Орусиянын Алтай чөлкөмүнүн борбору Барнаул шаарында Алтай мамлекеттик университети тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Кең Алтай илимий долбоорунун көп томдугунун 2023-жылы октябрда жарыяланган биринчи томунда Сынару Алымкулова, В.Я.Бутанаев жана ушул саптын ээси биргелешип жазган орто кылымдардагы кыпчактар тууралуу макала да киргизилгенин айта кетсек болот.

Ал эми Астай байкенин өзүнүн авторлугу менен чыккан соңку илимий макалалардын бири Кыргызстанда 2023-жылы 3-июнда (Астай байке дүйнө салаардан 2 күн мурда) басмага кол коюлган, 6-июнда колго тийген илимий жыйнакка киргизилген.

(Макаланы толугу менен караңыз: Бутанаев В.Я. Знаменательные памятники рунического письма кыргызов Енисея // Кыяс: алтымыштын белесиндеги белек: Илимий жана жамаагаттык макалалар жыйнагы / Түзүүчүлөр Ж.Өмүрова, Ж.Дүйшеев, М.Жунусова, Т.Чоротегин; жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: «Турар» басмасы, 2023. – 512 б., сүрөт. – Б. 276–292).

К.Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган жыйнактын мукабасы
Кыргыз тарыхчысы жана журналисти Кыяс Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган жыйнактын мукабасы. 06.6.2023.

Астай байкенин “Энесай кыргыздарынын руна [сымал] жазмасынын бараандуу эстеликтери” деп аталган илимий макаласы анын кыргыз таануучу катары бизге таберик кылып калтырган олуттуу мурастарынан болуп калды десек жаңылышпастырбыз.

Макаланын мазмуну тууралуу учкай сөз

Макалада Энесайдагы Кыргыз каганатынын өкүмдарлары Кытай жана Тибет сыяктуу өлкөлөргө өз элчилерин аттандырып жатып, аларга руна сымал (битик) жазмасында даярдалган каттарды беришкендиги айтылат.

Бул – маанилүү нерсе. Ата-бабаларды эскерип жатып, алар орто кылымдардын эрте мезгилинде, VIII – X кылымдарда, битик жазмасын дипломатиялык максаттарда да колдонушкандыгын Астайбек байке сыяктуу баса айтуубуз абзел. (Совет доорунда болсо “кыргыздарга жазма маданиятты Владимир Ленин 1924-жылы тартуулаган” деген күлкү келерлик жобо расмий таңууланган эмеспи!)

Астайбек байке өз макаласында азыркы Хакасияда Энесайдын өрөөнүндөгү Эрба жана Төс (Тес) дарыяларынын аралыгында Знаменка кыштагынан көп алыс эмес жерде хакасча “Алып Обаа” (“Алп балбал”) деп аталган таш балбал тууралуу токтоло кетет. Илимде ал таш “Төс баатыры” (Тесинский богатырь) деген ат менен эскерилген, дейт Астайбек байке (эрксизден “Эр Төштүк” антропоними да эске түшөт экен. – Т.Ч.).

Бул балбал мурда хакастар “Инек асчан таг” (“Уй ашкан тоо”) деп аталчу дөңсөөдө тургузулган. Бул балбал таштын жонунда кыргызча битик алфавитинде жазуу түшүрүлгөн, деп жазат Асайбек байке.

(Айтмакчы, Астайбек Бутанаев сыяктуу эле, бул жазманы окуп иликтеп жүргөн Нурдин Усеев мырза да Энесай жазма эстеликтерин ырааттуу түрдө “кыргыз жазма эстеликтери” деп атайт. Албетте, аларга чейин эле Сергей Малов да бул эстеликтерди кыргыздардын жазма мурасы катары баалаган).

Бул макаланы жазган Астайбек байке өзү да руна сымал (битик) жазмасын чечмелеп окуй билген адис экендигин баса белгилөө керек. Албетте, битик жазмасы бир эле учурда бир нече түрк калктарына таандык, аны жалаң гана кыргыздарга энчилеп алуу – тарыхый акыйкатсыздык. Бирок ал жазманын кыргыздарга гана таандык энесайлык варианты болгон.

Энесайлык вариант айрым башка элдердин жазмаларына (маселен, түргөштөрдүкүнө) да таасир тийгизген, бирок жалпысынан бул битик жазмасы – орток байлык.

Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев кыргыз кесиптеши Т. Чоротегин менен. Энесай өрөөнү. 1995-жылдын июну.
Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев кыргыз кесиптеши Т. Чоротегин менен. Энесай өрөөнү. 1995-жылдын июну.

Астайбек байке “Алып обаа” балбалындагы текстти мындайча траскрипциялаган:

1. ben öltüm türgış ben çeng beg ben bıçıg.

2. Altı otuz yaşıma ertı.

3. Kara kan ıçregı ben ezgene.

Андан соң анын орусча котормосун да буга чейинки айрым илимий булактар менен кошо сунуштаган:

1. Я умер. Я – тюргеш, Я – Ченг бег. (Это моя) надпись.

2. Я был на тридцать шестом году своей жизни.

3. Я придворный служитель Кара-хана, я - Эзгене.

[Айдын, Эрхан. Заметки по поводу названий тюркских племен, встречающихся в енисейских памятниках // Эпиграфика Востока. XXIX. М., 2011. С. 3–13. (Здесь: С. 11); Малов С.Е. Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М. – Л., 1952. – С. 67.]

Кыргызчаласак:

1. Мен өлдүм. Мен – түргөшмүн. Мен – Чең бекмин. (Бул – мен жазган) жазуу.

2. Мен отуз алты жашыма келдим.

3. Мен Кара кандын ордо кызматкеримин. Мен – Эзгенемин.

Астайбек агай бул битик жазуусун Чең-бек аттуу түргөш беги Энесай Кыргыз каганатына келип калтырган деп санайт. Түргөш каганаты (704–766) чынында эле Кыргыз каганаты менен аскердик жана дипллматиялык жактан шерик болгону маалым.

Алардын орток жоосу – Экинчи Чыгыш Түрк каганаты болгон.

Астайбек байке Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын каганы Капаган 711-жылга караган кышта Кыргыз каганатынын аскерлерин, андан соң Түргөш каганатынын аскерлерин жеңген учурда эскерет жана Чең-бекти 711-жылы Капаган каган өлүм жазасына тарттырган Чжэн деген төбөл менен окшоштурат.

Андан тышкары Астайбек байке Чең-бекти түргөштөрдүн эзгене деген уруусунан болсо керек деп санайт да, бул уруу аталышын кыргыздын азыркы адигине уруу аталышы менен да окшоштурат. Сыягы, адигине уруусу Чүй боорундагы түргөштөрдүн эзгене уруусунан болсо керек, деген жоромолун кошумчалайт.

(Биз бул блогубузда Астайбек Бутанаев сунуштаган жоромолду андан ары тереңдеп чечмелеп отурбайбыз, автордун оюн гана ортого салып жатабыз).

Макалада Астайбек байке дагы бир битик жазма эстелиги тууралуу сөз кылат.

1963-жылы Уйбат дарыясынын өрөөнүндө Нин өзөнүнүн боюндагы дөңсөөдө жаткан кыргыз жазма эстелиги археолог А.Н.Липский тарабынан табылган жана Хакас чөлкөм таануу музейине алынып келип орнотулган.

Уйбат VI (e-98) жазмасынын текстинин чиймеси.
Уйбат VI (e-98) жазмасынын текстинин чиймеси. Бул жазууну профессор Астайбек Бутанаев "Уйбат VII" деп каттаган.

Бул таштын эки бетинде тең битик жазмасындагы үч сап болгон жазуу бар (жалпысы алты сап). Анын алгачкы котормосун 1973-жылы Астайбек байке жүзөгө ашырган. И.В.Кормушин жана башка адистер өз котормо варианттарын да сунушташканы белгилүү.

Астайбек байке сунуштаган транскрипция:

1. [erdem ] er qunçuyun qazğandınız, bökmediniz beg erkime beg;

2. bunğ bunğa adırıldınğız, açığa qırq erig qanğsız qıld [ınğız];

3. Uiğur qan ilin alduqta azığlığ tonğuz teg Tirig beg siz;

4. alıç bars Tirig beğim yıta erdemim size;

5. [ Tüpütke] elçisi ertım şab kök Tırığ beğe;

6. [Er] ölürtüm kök böri qaramağ bağın ölürtüm.

Анын Астайбек байке тарабынан жүзөгө ашырылган орусча котормо варианты:

1. [Доблестный] муж! Вы приобрели (много) принцесс, (но) не насладились княжеской властью, о бег!

2. Тысяча печалей! Вы отделились (от нас), о горе! Сорок мужей-воинов Вы оставили (букв. сделали) без отца!

3. При взятии государства Уйгурского хана, Вы Тириг-бег (были) словно клыкастый дикий вепрь!

4. …мой почитаемый барс Тириг бег! Увы! моя мужская доблесть Вам (принадлежит)!

5. Я был послом [в Тибет], слава божественному Тириг-бегу!

6. ..Я убивал [вражеских мужей-воинов], я уничтожил подразделения [многочисленной] стаи серых волков!».

[Кормушин И.В. Тюркские енисейские эпитафии. Тексты и исследования. М., 1997. – С. 122.; Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000. – С.123, рис.44.]

Уйбат VI (e-98) жазма эстелигинин (аны Астайбек Бутанаев "Уйбат VII" деп каттаган) фото сүрөтү.
Уйбат VI (e-98) жазма эстелигинин (аны Астайбек Бутанаев "Уйбат VII" деп каттаган) фото сүрөтү.

Эми Астайбек байкенин вариантын кыргызчага которолу:

1. [Эр жүрөк] эрен! Сиз (көп) кончойго (б.а. канышаны жандаган бийкелерге) ээ болдуңуз, (бирок) бек катары ыракатка батпадыңыз, оо бегим!

2. Муңкантып айрылдыңыз! Кырк эрди (б.а. кырк чорону) каңсыз (сөзмө-сөз: атасыз) кылдыңыз!

3. Уйгур хандын өлкөсүн караткан чакта, Сиз, Тириг-бек, азуулуу доңуздай (каардуу) элеңиз!

4. …ардагым, барсым, Тириг бек! Аттиң ай! Эрдемим (б.а. Эрен катары сыйым) Сизге (таандык)!

5. [Мен Тибетке карай аттандырылган] элчиси элем, Көк (колдогон) даңазалуу Тириг-бекке!

6. [Жоонун эрлерин] өлтүрдүм, көк бөрүнүн [көп сандаган] топторун кырдым!

Астайбек байкенин жоромолуна караганда, бул таш жазма эстелик ыйык (тотемдик) жаныбары катары барс (илбирс) болгон каарман мамлекет башчы Тириг-бекке арналган эпитафиялык эстелик болуп саналат.

Мында 840-жылы кыргыз каганы түштүктө – Орхон жергесин бийлеген Уйгур каганатынын каганын жеңген окуялар сыпатталган.

Тексттеги Тириг-бек кырк эр (кошумчаласак, кыргыздын “Манас” дастанында “кырк чоро” түшүнүгү бар эмеспи. – Т.Ч.) үчүн өз атасы саналган, деп жазып келип, Астайбек байке Тириг-бекти Кытайдагы Тан сулалесинин жылнаамаларында 840-жылдагы окуяларга байланыштуу “ажо” деген термин менен эскерилген кыргыз каганына окшоштурат.

Дал ушул доорду академик В.В.Бартольд “Кыргыздын Улуу дөөлөтү” “Кыргызское великодержвие”) деп атагандыгын да Астай байке кошумчалай кетет.

Бул макаласында Астай байке Хакасиянын Бей районуна таандык аймактагы Алтын-Көл жергесиндеги Барс аттуу баатырга арналган битик жазмасындагы жазуу эстеликти жана башка да Энесайдагы кыргыздарга таандык жазма мурастардын айрымдарын дагы эскерип өтөт.

Макаланын соңунда (288-бетте) Астайбек Бутанаев мындайча корутундусун сунуштайт:

Руна (сымал) жазма эстеликтерине караганда, Кыргыз мамлекети Борбордук (Ички) Азиянын саясий аренасында жигердүү аракет жүргүзгөн. Кыргыздар Кытай жана Тибет менен дипломатиялык мамилелерди жүргүзүп, Түргөш каганатынын шериктеши катары чыккан; уйгурлар жана татарлар менен жоолашып, аларды каратып алган, ж.б.

Изилдөөбүздүн натыйжасында кытай булактарында “ажо” деген аталыш менен белгилүү болгон [Улуу] Кыргыз каганатынын негиздөөчүсүнүн ысымы – “ардакка ээ барс” деп кадырланган Тириг бек деген тарыхый ысымга ээ болгондугу ачыкталды”.

Мындагы “Кыргыз каганаты” сөзүнүн алдына “[Улуу]” деген сөздү биз атайын кашаага алып кошумчаладык, анткени Астайбек Бутанаевдин бул макаласынан жана башка тарыхый маалыматтардан айгинеленгендей, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы алда канча эртерээк – VI кылымдан башталат эмеспи.

Б.з. VI кылымга чейинки байыркы доордо деле көөнө Кыргыз мамлекети жашаган жана ал мамлекет тууралуу маалыматтарды Сыма Цян, Бан Гу сыяктуу байыркы кытайлык тарыхчылар жазып калтырган.

Ал эми бээжиндик профессор Ю Тайшандын 2019-жылы шардана кылынган илимий сунушуна караганда, байыркы Кыргыз мамлекети тууралуу көөнө жазма кабарлар б.з.ч. X кылымга таандык окуялар көркөм чагылдырылган кытай тилиндеги санжыралык-уламыштык маалыматтарга барып такалат.

Демек, эгерде Астайбек байкенин жоромолу андан ары тастыкталса, анда Тириг-бек Ички Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын негиздөөчүсүнүн ысымы болушу ажеп эмес.

Анын башка да булак таануучулук жана этнологиялык сунуштары илимий чөйрөдө кеңири талданууда.

Тасма. Астайбек Бутанаевдин тарыхый Манчжуриядагы (азыркы КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетиндеги) фу-йү кыргыздарына саякатынан. 2005-ж.

Маселен, ал Манчжуриядагы фу-йү кыргыздарынын уруулук курамы жана тили азыркы хакастардыкы менен бирдей экендигин жеринен үйрөнүп, заманбап илимде тастыктаган аалымдардын бири.

Бул натыйжа да кыргыз таануу үчүн алгылыктуу. Хакастар деле өздөрүн мурда "кыргыз" деп аташкандыгын бул маалымат кыйыр далилдейт.

Кошумчаласак, азыркы "хакас" этноними "кыргыз" деген эле этнонимдин кытайча иероглиф менен берилиши (ся-жа-сы; хя-га-сы / кыргыз) орусча жаңылыш окулуп, советтик саясатчылар тарабынан таңууланышынын натыйжасы болуп саналаарын тээ 1923-жылы эле академик В.В.Бартольд ачык сындап жазган.

Соңку сөз

Азыркы тапта интернеттеги коомдук тармактар аркылуу ар кыл жаңы саамалыктар тууралуу маалыматар калайыкка учкан куштан тез жана кеңири жайылып жатат.

Балким, окурмандардын кеңири жамааты маркум Астайбек агабыздын бул макаладагы жана башка табылгалары менен сунуштарына да кайдыгер калбастыр.

Болочокто, буюрса, Кыргызстандын илимий чөйрөлөрү Астайбек байкенин чыгармачыл мурасын жарыялоо жаатында өз салымдарын кошо берүүсү керек деп ойлойбуз.

Бул – Астайбек байкенин арбагын сыйлоо жана кыргыз-хакас боордоштугун чыңдоо үчүн гана эмес, жалпы түркология жана кыргыз таануу илимий тармактарын өнүктүрүү үчүн дагы маанилүү кадамга жатат.

Кыргызстандык жана орусиялык тарыхчылар. 1999.
Кыргызстандык жана орусиялык тарыхчылар. Артта тургандар (оңдон): Олжобай Каратаев, Кубатбек Табалдыев, Аалыбек Акунов. Алдыда отургандар (оңдон): Авазбек Атаханов, Виктор Бутанаев, Бектемир Жумабаев, Юлий Худяков, Тынчтыкбек Чоротегин. Бишкек шаары, 1999-жыл.

Барс-бек, Тириг-бек, Мухаммед Кыргыз, Эренак, Тайлак баатыр, Ормон хан, Полот хан, Канаат хан, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Рахманкул хан ж.б. кантип кыргыздардын саясий тарыхында калгандай эле, Астайбек дагы улутубуздун айдыңдык тарыхында үзүрдүү, данакер этнограф, тарыхчы, фолклорчу, булак таануучу, битик таануучу жана ойчул катары түбөлүккө кала бермекчи.

(Бул блогум ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата азыноолак салымым болсун деген үмүттө жазылды).

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG