Орусиянын армиясы 6-ноябрга караган түнү Украинанын аймактарын аткылоону улантты. Одессага жасалган чабуулдан сегиз киши жараат алып, алардын бешөө ооруканага жеткирилгенин облус жетекчиси Олег Кипер социалдык тармактар аркылуу билдирди. Анын жазганына караганда, шаарга ракеталардын ар кандай түрлөрү жана дрондор менен чабуул коюлган.
Жарылуулардан көп кабаттуу турак жайлар жабыркап, калаанын тарыхый бөлүгүндө жайгашкан Көркөм музейдин имараты талкаланды. 6-ноябрда музейдин негизделгенине 124 жыл болду.
Маалыматка караганда, дрондордун көбү порттогу инфратүзүмдөргө багытталган. Алардын чабуулунан дан сактоочу кампалар, ар кандай техника жана буудай жүктөлгөн машинелер жабыркады.
Ал арада Херсон облусунун администрация жетекчиси Роман Мрочко орус армиясынын аткылоосунан карапайым тургундар жашаган конуштар жабырканын билдирди. Украинанын Түштүк коргонуу күчтөрү маалымдагандай, орус күчтөрү Херсонго Х-31П ракетасы менен сокку урган. Андан беш кабаттуу үй жабыркаган. Тургундар арасында жараат алгандар же набыт болгондор тууралуу кабар чыккан жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги көптөгөн далилдерге, сүрөт-видеолорго карабастан жарандык инфратүзүмдөргө сокку урганын четке кагып, жалаң гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.