Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:52

Украинадагы согушка кызыгуу солгундадыбы?


Газадагы согуш Борбор Азияда кандай чагылдырылууда?

Газадагы согуш дүйнөлүк басма сөздүн көңүл чордонунда болуп келатат. The Diplomat басылмасы Израил менен ХАМАС тобунун куралдуу жаңжалы Борбор Азияда кандай реакция жаратканын, кандай чагылдырылганын талдап чыкты. Коллин Вуд 1-ноябрдагы макаласында региондун Түркмөнстандан тышкары бардык өлкөлөрүнүн бийлиги кризис башталары менен зомбулукту токтотууга чакырышканын жазды.

Газадагы палестиналыктарды колдоо акциясы. Бишкек, 28-октябрь, 2023-жыл
Газадагы палестиналыктарды колдоо акциясы. Бишкек, 28-октябрь, 2023-жыл

Анын айтымында, массалык акциялар Бишкекте 21-28-октябрь күндөрү өттү. Журналист “Согушту токтоткула!”, “Терроризмди токтоткула!” деген ураандар жаңырганын, катышуучулар “Палестинага эркиндик!” деген плакаттарды көтөруп чыгышканын белгилейт. Ал ошондой эле уюштуруучулардын саясатчы Турсунбай Бакир уулу менен байланышына көңүл бурат жана ал 2014-жылы жайында Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операциясына каршылыгын билдирип, Израилдин желегин айрып салганы менен таанылганын жазат. Андан ары айтылгандай, саясатчы жергиликтүү подкасттардын биринде Жакынкы Чыгыштагы уруштун таржымалын айтып берип жатып, Палестинада азыр болуп жаткан окуялар менен маалымат каражаттарынын кыргыз-тажик чек арасындагы жанжалды, 1999-жылкы Баткен окуяларын чагылдырганы ортосунда окшоштуктарды келтирди. Журналист ошол подкаст тогуз күндө Ютубда 109 миң жолу көрүлгөнүн, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан жарандарынан бир жарым миндей комментарий түшкөнүн, ал палестин желеги, тынчтыкка чакырган сөздөр менен коштолгонун жазат. Комдук пикир Бакир уулунун жөөттөр, Израил мамлекети тууралуу талаштуу ойлорун кайталабастан, палестиналыктарды колдоого ыктайт деген жыйынтык жасайт. Сөз болгон подкаст Инстаграм жана ТикТок платформаларында да көп көрүлгөн экен. Ошол эле маалда автор коомдук пикирди комментарий жана эмодзилерден баалоо кыйын деп баса белгилеген.

- Казакстанда, - деп улантат Вуд, жергиликтүү медиа 19-октябрда бир кишинин пикетке чыкканын жазды. Палестин желегин көтөрүп чыккан жоолукчан аял Starbucks компаниясынын палестиндерди колдогон посту үчүн профсоюзду сотко берүү аракетине нааразылыгын билдирген.

Ташкентте 29-октябрда палестиналыктарды колдоо акциясы өтмөк. Газета.uz демонстрация социалдык тармактарда жарнамада кылганын жазган. Маалыматка караганда, ал күнү 100 чакты киши чогулган. Тартип коргоочулар алардын айрымдарын кармап суракка тарткан. Муну менен катар өзбек тилдүү ресурстар Газадагы окуяларды жакындан чагылдырганы, согуштун жүрүшү, геосаясий жана экономикалык кесепеттерин түшүндүргөн видеолор популярдуу болгону айтылат.

Макала автору динчил эккаунттарды да карап чыгып, MADINA STUDIO TV каналынын Палестина тууралуу 4 видеосу эки жумада 2,8 миллион жолу көрүлгөнүн жазды.

Журналист мурда талаштуу саясаий маселелерди чечмелеп келген Казакстан жана Кыргызстандагы прогрессивдүү эккаунттар бул темада анча көп продукция чыгарбаганына көңүл бурат.

"Украин согушундагы азыркы кырдаал Орусия үчүн ыңгайлуу"

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын The Economist басылмасына чыккан макаласы өлкөнүн ичинде жана сыртында кызуу талкуу жаратты. Генерал куралдуу жаңжал жаңы баскычка өтүп, позициялык согушка айланды, бул – Орусиянын кызыкчылыгына дал келет деген ою менен бөлүшкөн.

Харьков облусу. Сентябрь, 2023-жыл
Харьков облусу. Сентябрь, 2023-жыл

"Алсыратуучу уруш украин армиясын жана элин чоң коркунучтарга кептеши мүмкүн", - деген генерал туңгуюктан чыгуу үчүн Киев абадан артыкчылыкка, жаңы технологияларга ээ болууга тийиш деп белгилеген.

Deutsche welle Залужныйдын айткандарын талдаган бир катар эксперттердин ой-пикирлерин топтогон. Коопсуздук жана коргонуу саясаты боюнча германиялык адис Кристиан Мөллингдин айтымында, азыркы кырдаал Орусия үчүн ыңгайлуу. Анткени Киев өз жерлерин кайтарууну көздөсө, Москвага статус-квону сактап калуу жетиштүү.

“Абал Украина үчун оорураак, алар көбүрөөк аракет көрүшү керек. Орусия ээлеп алган позицияларын бекемдей алат”, - деп айтты эксперт.

Ал Батыш дагы Киевге жетиштүү аскердик колдоо көрсөтпөй, курал-жаракты кеч жөнөтүп, азыркы абалга жооптуу деген ойдо.

Лондондук изилдөөчү Марина Мирон Залужныйдын макаласын Батыш лидерлерине кайрылуу деп сыпаттарын айтты. Анын пикиринде, башынан эле украин армиясынын дарамети ашыкча бааланган, Орусиянын мүмкүнчүлүктөру тескерисинче төмөндөтүлгөн. Мирон Батыштан жаңы курал келген сайын, "мына эми орусиялыктар утулат" деген жаңылыш таасир пайда болгонун, бирок Орусия кырдаалга ыңгайлашканын белгиледи.

Ал эми украиналык эксперт Михаил Самусь фронттогу абалга оптимисттик көз карашта. Ал контрчабуулдан күтүлгөн майнап чыкпагандыктан, украин армиясына согуштук аракеттердин графигине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Андан ары Deutsche welle америкалык журналист Саймон Шустердин Time басылмасына чыккан макаласына токтолду. Журналист президент Владимир Зеленский Украинадагы согушка кызыгуу жана эл аралык колдоо солгундаганын сезгени менен “багынууну көздөбөйт” деп жазган.

Украин президентинин командасындагы булакка таянып, ал жакта “Зеленский өзүн-өзү алдап жатат” деген көз караш бар экенин кошумчалайт. Шустер коррупция көрүнүштөрүнө, аскерлердин тартыштыгына да кайрылган. Анын пикиринде, Коргоо министрлигиндеги паракорлук президенттин бир катар өнөктөштөрү менен мамилелерин начарлатты. Ал эми украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маекте Шустердин макаласын бир адамдын “субъективдүү көз карашы” деп сыпаттады.

Австралия өкмөтү жылкыларга каршы

3-ноябрда Le Monde Сиднейдеги кабарчысы Австралия жапайы жылкыларды жок кылып жатканы жөнүндө материалын жарыялады. Изабел Деллербанын жазганына караганда, өлкө өзүнүн уникалдуу экосистемасын коргоо үчүн болгон аракетин жумшап келген, миндеген төө, чочко же бугуларды тик учактардан атууга чейин барган. Ал эми жапайы жылкылар жыйырма жылдай Костюшко улуттук паркында коргоого алынып келген. Бирок 27-октябрда жергиликтүү бийлик фауна менен флораны сактоо үчүн жылкыларды атууга уруксат берди. Ал аттар 1788-жылы Англиядан континентке бет алган биринчи келгиндер менен кошо көчкөн жаныбарлардан. Кийин алар жапайы жаратылышка кайткан. Өкмөттүн чечимине карабай, “брамби” деп аталган жылкыларды коргогон уюмдар күрөшүн улантарын айтышат.

Австралиядагы ферма
Австралиядагы ферма

Журналист Австралиянын Брамби биримдигинин төрайымы Жилл Пикеринге шилтеме менен бул жаныбарлардын ысымын өлкөнүн регби командасы, аскердик бөлүктөр алып жүргөнүн, сүрөтү улуттук акчага тартылганын, аттар Сидней Олимпиадасынын ачылышына да катышканын белгилейт.

Андан ары жазуучу Энтони Шарвурддун чыгармасынан үзүндү келтирилет. Ал “жапайы жылкылар калктын бир бөлүгүнө англиялык келгиндерди, алардын эксплуатациясын, жердин эсебинен байышканын эске салат.

"Биз оторчулукка чейин жана андан кийинки доорлордун ортосундагы Австралиянын руху үчүн күрөштүн алдында турабыз”, - деп жазган.

Макалада түшүндүрүлгөндөй, колонизацияга туягы катуу жаныбарлар континентте жок болчу. Ал жакта эндемикалык, же чектелүү географиялык жерди байырлаган кенгуру өңдүү жаныбарлар гана жашачу. Европалыктар ала келген уйлар, койлор менен аттар сезимтал экосистемага кыйратуучу таасир эткен.

XS
SM
MD
LG