Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

"Финико" каржы пирамидасын уюштургандардын дагы бири Түркиядан кармалды


“Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 43 жаштагы С.А. Түркиядан кармалды.
“Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 43 жаштагы С.А. Түркиядан кармалды.

Расмий Бишкектин өтүнүчү менен эл аралык Интерпол улуттук бюросу Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны жабыр тарткан “Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 43 жаштагы С.А. аттуу аялды Түркиянын Анталья шаарында кармады. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

“Финиконун” уюштуруучуларына 2022-жылы издөө жарыяланган болчу. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири, 49 жаштагы Э.М. аттуу жаран былтыр декабрда Грузияда Интерпол уюму аркылуу кармалган болчу. Аны Тблисиден Кыргызстанга экстрадициялоо аракеттери уланып жатат.

Ушул эле уюмдун ишине байланыштуу А.Ч. аттуу Кыргызстандын жараны Орусияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланган. Чет мамлекеттин Д.К. аттуу жараны өз мамлекетинин аймагында жасалган ушундай эле кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турат. Соңку аталган адам кайсы өлкөнүн жараны экени такталган эмес.

ИИМдин маалыматы боюнча “Финико” компаниясынын башаты 2019-жылы Орусияда башталган. Чет мамлекеттин жараны Д.К. жарандардын акча каражаттарын алуу жана мыйзамсыз ээлеп алуу максатында финансылык кызмат көрсөтүү шылтоосу менен, алдоо жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого багытталган туруктуу кылмыштуу топту түзгөн. Тактап айтканда, "Финико" аттуу каржы компаниясын уюштурган.

“Финико” компаниясынын курамына Кыргызстандын жарандары Э.М., А. Ч., С.А., Р.С., Л.Н. жана К.М. аттуу жарандар кирген, алар кылмыштуу топтун аймактык жетекчилери болуп дайындалган.

Компания башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30% жогорку кирешени убада кылган. Орусияда да жарандарга миллиондогон доллар чыгым келтирген.

Фирманын Кыргызстандагы өкүлдөрү Бишкекте каржы пирамидасынын 17 филиалын ачкан. Аймактарда да кеңселер уюштурулган. 2019-2021-жылдары ага Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 млн 283 миң долларын алдаткан. Кийин жалпы чыгым 1,4 миллион доллар деп аныкталган.

ИИМ кыргызстандыктарды көп кирешени убада кылган шектүү компанияларга ишенбөөгө чакырды.

Буга чейин “МедиаХаб” коомдук фонду “Калкты карызга батырган финансы махинациялары: “Сомо”, “Акчамат”, “Финико” жана башка фирмалар аттуу журналисттик иликтөө чыгарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG