Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:24

Делиде абанын сапаты "кооптуу" деген деңгээлге чыкты


Дели шаары. 27-октябрь, 2023-жыл
Дели шаары. 27-октябрь, 2023-жыл

Индиянын башкалаасын бейшембиде кайрадан калың түтүн каптады. Бийлик көрүлгөн чараларга карабай, алдыдагы бир нече күндө аба мындан да булганышы мүмкүн деп эскертти. Адистер коомдук саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаал түзүлүшү мүмкүн деп чочулашат.

Делинин Ананд Вихар районунда бейшембиде абанын сапатын өлчөгөн индекс адамдын ден соолугу үчүн абдан кооптуу деген деңгээлге чыкты. Адатта кыш айларында Индияда абанын булганышы дем алуу органдарынын илдеттери менен коштолуп, окуу жайлары, ишканалар жабылат.

Дели шаарынын бийлиги дизель менен иштеген автобустардын кирүүсүнө тыюу салды жана кырдаал начарласа, курулуштар токтотуларын эскертти.

Швейцариялык IQAir тобунун маалыматына ылайык, абанын сапаты эң начар калаалардын сап башында Дели менен катар пакистандык Лахор жайгашты. Мумбаи дагы абасы эң кир 15 шаардын тизмесине кирди.

XS
SM
MD
LG