Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Граве: "Чет элдик өкүл" мыйзамы өлкө үчүн зыяндуу


Антье Граве.
Антье Граве.

Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнө быйыл 78 жыл толду. Айрыкча азыркыдай геосаясий кырдаал чыңалып, климаттын өзгөрүшү тездеп, анын кесепетинен апааттар каптаган маалда БУУнун иш-аракетине жана дүйнөдө биргелешкен чечимдерге муктаждык артып жаткандай.

БУУга 1992-жылы кошулган Кыргызстанда 31 жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болду? Өлкө Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча кандай көрсөткүчтөргө жетишти? Ушул жана өлкөдөгү башка актуалдуу маселелердин тегерегинде БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве менен маектештик.

- Антье айым, биринчиден, сизди БУУнун 78 жылдыгы менен куттуктайм. Уюмдун Кыргызстандагы миссиясынын башталганына 31 жылдан ашты. Бул убакыт аралыгындагы ишмердикти кандай баалайсыз? Дүйнө менен жамаатташып жашоодо Кыргызстан бул убакыт аралыгында эмнелерге жетти деп ойлойсуз?

- Чоң рахмат! Кушубак күнүңүздөр менен! Сиз азыр эле айткандай, биз Бириккен Улуттар Уюмунун 78 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 75 жылдыгы жана негизгиси, Кыргызстандын БУУга мүчөлүгүнүн 31 жылдыгы болууда.

Кыргызстандын уюмга кириши, өлкөнүн демократиялык мыйзам үстөмдүгүнө берилгендигинин, адам укуктарын колдоосунун жана БУУнун ар кандай жалпы баалуулуктарын жактай турганынын белгиси болгон. Эмне үчүн БУУ 1945-жылы түзүлгөн? Анын максаты тынчтыкка жана коопсуздукка, эл аралык тартипке үндөп, ага мүчө мамлекеттердин бири-бири менен кызматташып, глобалдык жана улуттук маселелер боюнча жалпы чечимдерди кабыл алуусуна салым кошуу болуп саналат.

Кыргызстан БУУнун сыймыктуу, тең укуктуу мүчөсү болду. Ал тынчтык менен коопсуздук, адам укуктары, социалдык-экономикалык өнүгүү, экология жана башка чөйрөлөрдөгү көптөгөн эл аралык келишимдерге, БУУнун конвенцияларына кошулду.

Өлкө азыр уюмдун глобалдык платформаларында активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Алсак, Адам укуктары боюнча кеңеште Кыргызстан 2023-жылдан бери мүчө. Жакында эле президент Жапаров Туруктуу өнүгүү максаттары саммитине жана сентябрда Нью-Йорктогу Башкы ассамблеянын жыйынына катышты. Кыргызстан демилгелеген Тоолордун экосистемасын коргоо боюнча күн тартибин 193 мүчө мамлекет былтыр кабыл алган.

Кыргызстандын БУУга мүчө болгонунан бери 31 жыл өткөнүн айттыңыз. Бул убакыт аралыгында Кыргызстандын демократиялык жана социалдык-экономикалык өткөөл мезгилине жана эли эңсегендей өлкө болууга жасаган аракетине күбө болдук.

Биз кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш, көз карандысыз институттар, Борбордук шайлоо комиссиясы, Акыйкатчы институту сыяктуу башка көптөгөн уюмдар, жергиликтүү жамааттар, жарандык коом, эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иштешип жатабыз. Кыргызстан менен өнөктөштүктү тереңдетүүнүн үстүндөбүз.

- Украинадагы согуштун айрыкча Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга таасири сезилип жатат. Маселенин экономикалык жагдайы өзүнчө, азыр саясий жагына токтололу. Учурда Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердигине жана эркин медиага тиешелүү мыйзам долбоорлору кызуу талкууланып жатат. Эл аралык жана жарандык коомдун нааразылыгына карабай, “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окуудан өткөрдү. Бул мыйзам кабыл алынып калса кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана бул процесстин жүрүп жатышы эмне үчүн кооптуу?

- БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирди. Буга бир нече себептер бар. Кыргызстан жаш демократиялык мамлекет болгондугу үчүн абдан бактылуу. Анткени Кыргызстандын ар кайсы аймактарында миңдеген жигердүү активисттер бар. Алар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп келет. Мен соңку бир жыл ичинде өлкөнүн бардык облустарын кыдырып, ынтымактуу, жигердүү жарандар менен жолуктум. Мындай активдүү жарандар башынан кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан жаш өлкөгө көп жардам беришти. Айрыкча алгачкы жылдары шайлоолорду уюштурууга да салым кошуп, өлкөнүн калыптанышына көмөгү зор болгон. Мен кезиккен адамдардын көбү аялдар болду. Алардын ашып-ташкан энергиясы, жаратмандыгы таң калтырды.

Биринчи тынчсыздануу чакан бейөкмөт уюмдарда иштеген адамдарга байланыштуу. Эгер бул мыйзам кабыл алына турган болсо, алардын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мунун таасири айрыкча коомдун эң аялуу катмарына, добушу угулбаган, колдоого муктаж адамдарга тиет. Бул биринчи кезекте билим берүү, саламаттык сактоо тармагын, социалдык кызматтарды үзгүлтүккө учуратышы ыктымал. Андан тышкары климаттык өзгөрүүлөрдүн, табигый апааттардын алдын алууда да көйгөй жаралат.

Экинчи кабатырланчу нерсе - бейөкмөт уюмдар көп учурда добушу бизге жетпеген же көңүл бурулбаган адамдар менен иштешет. Андан тышкары бул уюмдардын өлкөдөгү чечим кабыл алууларга катышуусу өтө маанилүү. Мындай шартта кабыл алынган чечимдер туура жана сапаттуу боло баштайт.

Ал эми үчүнчү кооптонуу - мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан 1992-жылдан бери мүчө болгон эл аралык уюмдардагы милдеттенмелерин жана адам укуктарын бузган болот. Анткени ал жарандык уюмдардын жана тынч чогулуштарынын эркиндигин коргоо милдетин алган. Азыркы мыйзам долбоорундагы чаралар бул милдеттенмелерге каршы келет. Андан тышкары Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болгон Кыргызстандын аброюна да шек келтирет. Эл аралык рейтингдерге, демократиялык, адам укуктарына, бизнес климатка жана инвестициялык чөйрөгө да эпкини тиет.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы тарабынан уюмдардын жана жарандардын эркиндиги боюнча да бандама жасалган. Уюм ачык кат менен өзүнүн тынчызданууларын билдирди. Булар эске алынат деп ойлойм.

- Кыргызстанда жарандык коомду кабатыр кылган дагы бир мыйзам долбоору “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”. Президенттик администрация демилгелеген бул мыйзам долбоорунда да сөз эркиндигин, медиалардын көз карандысыздыгын чектей турган нормалар бар деп бир катар эл аралык уюмдар да тынчсыздануусун билдирген. Мамлекет муну азыркы мыйзам эскиргенин айтып, заман талабына ылайыкташтыруу деп түшүндүрүп жатат. Өлкөдө эркин медианын болушу канчалык маанилүү? Кыргызстандагы соңку окуяларга, тагыраагы, бул мыйзамдын сунушталышы, Маданият министрлиги бир катар маалымат сайттарын соттун чечимисиз эле жабуу укугуна ээ болушу жана мунун иштеп жатышы боюнча кандай ойдосуз?

- Кечээ эле (31-октябрь - ред.) Акыйкатчы институту бул мыйзам долбоору боюнча техникалык кеңешме өткөрдү. Анда ар кандай эксперттик уюмдар, Бириккен Улуттар Уюму, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму жана бир катар тараптар мыйзам долбоору боюнча пикирлерин билдирди.

Бул долбоор абдан олуттуу кооптонуу жаратат. Бул ченемдер сөз эркиндиги, ЖМКлардын эркиндиги жана оюн эркин билдирүү эркиндиги боюнча адам укуктарынын эл аралык стандарттарына туура келбейт. Ал Кыргызстанда ой эркиндигин, ЖМКнын ишмердигин чектей турган тобокелдикти пайда кылат.

Жыйында айткандай, фейк, жалган маалыматтарды берүү жана маалыматты атайын бурмалап таратуу жаатында да тобокелдиктер бар. Бул Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөй.

БУУга мүчө 193 мамлекеттин айрымдарынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана сөз эркиндигин мыйзам менен чектөөгө караганда башка альтернативдүү чечимдерди кабыл алуу коомдун, өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү. Кыргызстан башка өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды эске алып, альтернативдүү чечимдер боюнча көп талкуу жүргүзүшү керек деп ойлойм. Мындай чаралардын бири катары коомдо сынчыл ой жүгүртүүнү жайылтуу маанилүү болуп турат.

Балдарга жаштайынан баштап жалган маалымат эмне экенин, туура маалыматты кайсы булактардан алуу керектигин ажыраткан көндүмдөр үйрөтүлүшү керек. Дагы бир жолу медиа үчүн өзүн-өзү жөнгө салуу механизмдерин киргизүү кажет. Эгерде ЖМКлар өздөрү иштеп чыккан жүрүм-турум кодекстерине баш ийбесе, аларга да иш жүзүндө чара көрүлүшү мүмкүн. Айтор, мындай чаралар көп. Бул жаатта БУУ эксперттик кеңеш берүүгө даяр.

- Бийликте, анын ичинен мыйзам чыгаруучу болгон депутаттардын арасында жарандык коомдун, ошондой эле грант алып иштеген медиалардын четтен каржылануусун айыптагандар да бар. Бул дүйнөдө канчалык кеңири тараган практика? Муну улуттук кызыкчылыкка каршы келет деп чочулоо канчалык негиздүү?

- Жарандык коом дүйнө жүзү боюнча бардык тармакта, өнүгүүдө, ошондой эле саясий укуктарга, жарандык жана башка бардык укуктарга келгенде абдан маанилүү ролду ойнойт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, Кыргызстандагыдай эле өкмөттүк эмес уюмдардын өнүгүү программаларын ишке ашыруусуна муктаждык бар. Бул өнүгүү программалары өкмөт менен макулдашылат жана иш жүзүндө элге кызмат кылат. Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн программаларын ишке ашырууда бейөкмөт уюмдар менен иштешет. Анткени алардын эл менен байланышы бар, калктын муктаждыктарын билет жана өнүгүү программаларын натыйжалуу ишке ашырат.

Жергиликтүү жарандык уюмдар көбүнчө гранттарды алат. Мисалы, алар кайрымдуулук иштерин жүргүзүүнү каалаган жана бейөкмөт уюмдар аркылуу каржылык колдоо көрсөткөн жеке ишкерлерге өнөктөш болот. Бирок бул бейөкмөт уюмдар ошол өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп жатат дегенди билдирбейт. Алар эч кандай башка өлкөнүн өкмөтү же чет элдик уюм үчүн иштебейт. Ошол себептүү аларды "чет элдик агент" деп атоо боюнча мыйзамдын демилгелениши өтө өкүнүчтүү. Бул жарандык коомдун мүнөзүнө жана ишмердигине толугу менен туура эмес берилген аныктама болот. Бул чындыгында Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн жан үрөгөн, ар бир кыргызстандыктын укугу жана эркиндигин сактоого салым кошкон кыргыздарды жаманатты кылуу болуп калат.

- БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары тууралуу сөз кылалы. Анда адамдын бакубат жашоосу үчүн маанилүү болгон кадамдар саналган. Кыргызстан бул максаттарды канчалык орундатып жатат? Өлкө аймагында социалдык, гуманитардык көйгөйлөр дагы эле актуалдуу экенин байкоого болот. Ошол эле таза суу, экология, улуттун саламаттыгына байланыштуу көйлөр, гендердик баланс, элдин мамлекеттик чечимдерге катышы өңдүү маселелер дагы эле орчундуу...

- Кыргызстан 1990-жылдардын башынан, андан кийин Туруктуу өнүгүү максаттары кабыл алынган 2015-жылдан кийин эбегейсиз ийгиликтерге жетишти.

Андагы 17 максат бардык өлкөнүн улуттук саясатына, өнүгүү стратегияларына ылайыкташкан. Өкмөттүн деңгээлинде мониторинг жүргүзүүнүн ар кандай механизмдери бар. Бул боюнча Кыргызстанда координациялык комитет бар, аны Министрлер кабинетинин төрагасы жетектейт. Парламентте жетишилген ийгиликтерге мониторинг жүргүзүү үчүн жумушчу топ иш алып барат.

Бул максаттардын негизинде көп тармакта жакшы жылыштар болду. Билим тармагын алалы, азыр өлкөдө дээрлик бардык балдардын билим алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ичерге суу да жеткиликтүү, бул шарт соңку жылдары бир топ жакшырды. Ошондой эле өлкөдө жакырчылыктын кыскарышы жана теңсиздиктин азайышы абдан оң тенденцияда болду. Пандемияга чейин жана Украинага каршы согуш кризиси жана башка глобалдык кризистер өз таасирин тийгизди.

Бул жаатта кыйынчылыктар да бар. Билим алууга бардык балдардын мүмкүнчүлүгү болгону менен, анын сапатын жакшыртуу талап кылынат. Мындай маселе саламаттык сактоо тармагына да мүнөздүү. Кыргызстанда гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын бекемдөө маселеси каралганда, тилекке каршы, биз күткөндөй ийгиликтерге жетише алган жокпуз. Бирок азыр парламентте, айрыкча жергиликтүү кеңештерде аял өкүлдөрдүн саны өсүүдө. Бирок дагы көп нерсе жасалышы керек, аялдарды мамлекеттик деңгээлдеги кызматтарга келиши жана эң негизгиси, гендердик зомбулукка каршы күрөшүү турат. Тилекке каршы, адам укуктарынын бузулушу, бул өлкөдө кеңири жайылган.

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн глобалдуу кесепеттерин жоюу үчүн көп иштерди жасады. Өлкө БУУнун Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эл аралык конференцияларда абдан дымактуу милдеттенмелерди алды, мында президент зыяндуу газдардын чыгышын азайтуу боюнча өтө чоң милдеттерди белгиледи.

Климаттын өзгөрүп жатышын ушул жайда өзгөчө байкадык. Мында мөңгүлөр башында болжолдонгондон алда канча тез эрип жатат. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жагынан улуттук деңгээлде дагы көп иштер жасалышы керек.

Президенттин Нью-Йоркто алган бул милдеттенмелерин аткаруунун биринчи кадамы ушул жумада президенттик администрация, өкмөт тарабынан жакырчылык менен теңсиздикке көңүл бурган өнүгүү форуму болот. Анда Кыргызстандагы жакырчылык жана теңсиздиктин көрсөткүчү жана аны кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар айтылып, бул жаатта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы талкууланат. Бул бүтүндөй коомдун катышуусун иштелип чыгып, өлкөдө жакырчылыкты жоюу үчүн абдан зарыл болгон иштерди биргеликте аткарып жатканынын көрсөткүчү болот.

- Кыргыз бийлиги соңку учурда Тоолордун экосистемасын коргоого көңүл буруп жатканын айтып келет. Мунун алкагында Кыргызстандын сунушу менен БУУда беш жылдык өнөктүк да башталды. Кыргыз өкмөтү суу ресурстарына болгон мамиле өзгөрүшү керектигин кайталап, муну ар кайсы эл аралык аянтчаларда, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен иш-чараларында белгилеп жатат. Бийликтин бул аракети жөнүндө кандай ойдосуз? Алдыдагы узак мөөнөттүү перспективаны эске алганда, экология, климаттын өзгөрүшү жаатында Кыргызстан азыртан кандай аракеттерге барышы керек?

- Бул абдан маанилүү суроо үчүн рахмат. Бул маселе, тилекке каршы, дагы көпкө чейин актуалдуу бойдон калат. Кыргызстандын аймагынын 94% деңиз деңгээлинен 1500 метрден жогору жайгашкан. Бул бир жагынан кооздук, дагы бир жагынан глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Кыргызстан Чыгыш Европада жана Борбор Азияда климаттын өзгөрүшүнө дуушар болгон өлкөлөрдүн катарында үчүнчү орунда. Бул негизинен тоолуу ландшафттары менен, мөңгүлөрдүн тез эриши менен байланыштуу. Анын кесепеттери айрыкча суунун көлөмүнө таасир этет. Мунун айынан сугат суу жетишсиз болот, энергетика, туризмге да эпкини тиет. Тоолуу аймактарда жашаган адамдардын арасында азыртан эле климаттын өзгөрүшүн сезе баштагандар бар. Бул көйгөйгө каршы күрөшүү үчүн масштабдуу аракеттер керек. Эң маанилүү кадам мунун зарылдыгын түшүнүүдөн башталат. Андан соң статистикалык маалыматтар, академиялык изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек.

Анан мында аймактык мамиле өтө зарыл. Анткени бул көйгөйгө Кыргызстандын кошуна өлкөлөрү да туш болууда. Ошол себептүү орток көйгөйгө каршы жамаатташып күрөшүү эффективдүү болот. Бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн чогуу иш алып барып жатканына кубанычтамын. Алар кийинки жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган COP 28де иш-аракеттеринин жыйынтыгын айтышат.

Ал эми бул жердеги БУУнун системасы Кыргызстанды климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу жолдорун табууга жана анын кесепеттерин жоюуга көмөктөшөт. Ошондой эле жашыл экономиканы өнүктүрүү - биздин артыкчылыктуу максаттарыбыздын бири. Биз эл аралык каржы институттары жана башка өнүктүрүү жаатындагы өнөктөштөрүбүз менен абдан тыгыз кызматташып, бул маселелердин үстүндө өкмөт менен чогуу иштешип жатабыз.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG