Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Адахан Мадумаров ооруканадан кайра абакка которулду


Адахан Мадумаровду сентябрь айында камакка алынган.
Адахан Мадумаровду сентябрь айында камакка алынган.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 2-ноябрда ооруканадан кайра абакка которулду. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Адахан Мадумаров 26-октябрда эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. Буга чейин анын адвокаты Мадумаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин, ооруканага жаткырылышы зарылдыгын билдирген.

Саясатчынын саламаттыгы тууралуу маалымат айтылган жок.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Жараянга анын адвокаттары гана киргизилген. 31-октябрда Бишкек шаардык соту ооруканада жатканына байланыштуу анын бөгөт чарасын кароону 13-ноябрга жылдырган.

Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген белги коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын маалымдаган. Мадумаров өзүнө каршы ачылган кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин айтып келет.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген депутатты милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG