Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Жогорку Сот Vefa борборун Түркиянын карамагында калтырды


2-ноябрда Жогорку Соттун коллегиясы Бишкетеги Vefa соода борборун Түркиянын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу “Өзгүн иншаат” акционердик коомунун балансында калтыруу чечимин кабыл алды.

Имарат түрк тарапка өтсүн деген чечимди ушул жылдын 25-июлунда Бишкек шаардык соту чыгарган.

Борборду 2016-жылы мыйзамдуу сатып алганын билдирген “Аруу Жылдыз” коомунун адвокаттары эми эл аралык сотко кайрылып, укугун коргой турганын айтышты.

“Соттун бүгүнкү чечими абсурд. Мисалы, биз түрк тарап ушу күнгө чейин сотко тастыкталбаган документтерди алып келип жатканын билдирип, Түркиядан документтерди алып келгенбиз. Мындан сырткары сатып алуу мыйзамдын негизинде экенин да далилдегенбиз. Ишеним кат тууралуу да далилдер берилгенине карабай бүгүнкү сотто түрк тарап Тышкы иштер министрлигинин катын алып келди. Дипломатиялык иштер менен алектенген мекеменин катын ишке аралаштыруу болбойт эле, Кыргызстан Гаага конвенциясынын шарттарын бузду. Биз эл аралык соттон акыйкат болот деп ишенебиз. Азыр ошондой эле Түркияда сотко кайрылдык. Сот 16 томдон турган ишти бир сааттын ичинде карап, түшүнүп, баарын карап чыкканга жетишмек эмес. Бул ишке саясий кийлигишүү болду. Жогорку сотко буга чейин Туркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Догандан да расмий кат келген. Бирок дипломат андай кылбашы керек эле”, - деди “Аруу Жылдыздын” адвокаттардын бири Абзал Мынбаев.

2006-жылы Vefa соода борборун түркиялык "Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет" компаниясы курган.

2016-жылы февралда аны “Аруу Жылдызга” өткөрүп, уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол койгон. Ошол жылы июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгондон кийинки окуялар учурунда “Өзгүн иншаат” түрк бийлигине өткөрүлгөн.

2017-жылы түрк өкмөтүнө караган “Иншаат” компаниясы Vefa анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып, сатылып кеткен деген негизде сотко кайрылган. "Аруу Жылдыз" менен алды-сатты келишимин жокко чыгарууну, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылган. (KS)

XS
SM
MD
LG