Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

БШК элдин шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөндөгөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2020-жылдан кийин элдин шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөндөгөнүн бүгүн 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, мурда шайлоого дайыма стабилдүү түрдө 1,7 миллиондой шайлоочу катышып жүргөн болсо, 2021-жылдан баштап 1,4 миллион, айырм учурда андан да төмөн, мисалы, соңку парламенттик шайлоодо 1,3 миллион болду:

”2020-жылдагы кризистен кийин, албетте, ишеним төмөндөдү деп айтсак болот. Шайлоодон кийин шайлоочуларда апатия да болду. Бирок, ошону менен бирге, добуш сатып алуу да азыраак катталып калды. Бул да бир себеп болду, себеби, биз ойлойбуз, айрым жарандар добуш сатып алуунун айынан шайлоого көбүрөөк келчү. Ички жана тышкы миграция да себеп. Октябрь окуясынан кийин шайлоо мыйзамдары өзгөртүлүп, форма №2 жоюлду”.

Катталган жерине жете албаганын айткандарга жашаган жеринен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк ачуучу №2 формасы 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга ыңгайлуу механизм катары маселе жараткан. Ошол жылы 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоодо 500 миндей адам №2 форма аркылуу добушкана алмаштырган. Бул ошол шайлоочулардын добушун сатып алуунун далили катары бааланып, 5-октябрда өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган жана бийлик алмашкан.

Кийин №2 форма менен добуш берүү ыкмасы жокко чыгарылып, мындай укук чет жактагы шайлоочуларда гана калтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG