Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин негиздемесин иштеп чыгууга акча бөлөт


Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планындагы карта. Станция Нарын дарыясынын Жалал-Абад облусунан агып өткөн бөлүгүнө, Токтогул ГЭСинен жогору жакка курулат.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планындагы карта. Станция Нарын дарыясынын Жалал-Абад облусунан агып өткөн бөлүгүнө, Токтогул ГЭСинен жогору жакка курулат.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.

Анда жазылгандай, Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 31-октябрда бекиткен.

Каражат жеңилдетилген насыя жана грант катары берилет. Анын ичинде 3 миллион доллар 10 жылдык жеңилдик мезгилин эске алганда 50 жылга пайызсыз карыз катары бөлүнөт. Калган 2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө берилет.

Финансылык мекеменин маалыматында, Кыргызстан таза энергияга өтүүгө умтулуп жатканы жана гидроэнергетикалык ресурстарды кеңири пайдалануу ошого түрткү берери айтылат. Ошондой эле бул аракеттер өлкөнүн казып алуучу кендерге көз карандылыгын азайтары жана зыяндуу заттарды абага бөлүп чыгарууну кыскартары көрсөтүлүп, Дүйнөлүк банк ошону үчүн бул долбоорду колдоп жатканы белгиленген.

16-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан техникалык грант алуу тууралуу маселе каралган. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев анда маалымат берип жатып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу эки жылдай убакытты талап кыларын айткан.

Быйыл январь айында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон.

Биргелешкен ишкана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. Бул жагдайга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, башкаруу Кыргызстанда калышы керек дегендер болгон.

Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга алгач 2 млрд 916 млн доллар кетет деп маалымдаган. Кийин тиешелүү аткаминерлер курулуштан наркы 4-5 млрд доллар деп эсептелип жатканын кабарлашкан.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфраструктураны салуу иштерин өз алдынча былтыр баштаган. Президент Садыр Жапаров станциянын курулушунун башталышына 2022-жылдын 8-июнунда старт берген.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл 23-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында сүйлөп жатып, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга өкмөттөн жалпысынан 1,5 миллиард сом каралса, анын 817 миллиону быйылкыга бөлүнүп, анын 617 миллиону пайдаланылганын айткан. Бул каражаттар жол, көпүрө, тоннел салууга, жумушчулар үчүн шаарча курууга жана башка нерселерге жумшалып жатат.

Баштапкы маалыматтарда ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Станция толук курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Кыргызстандагы ушул таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң дегенди түшүндүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG